Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Футбол: "Азаттык" баш байге утту


"Азаттыктын" футболдук командасы мелдеш учурунда, 4-июнь.
"Азаттыктын" футболдук командасы мелдеш учурунда, 4-июнь.

4-июнда Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналган футбол мелдешинде “Азаттык” радиосунун командасы баш байгени ээледи.

Кичи футбол боюнча Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналган бул мелдешке “Азаттык”, “АКИпресс”, Коомдук 1-канал, ЭлТР, “Эл FM радиосу”, “Дем" театры”, “Республикалык радиотеле борбор” жана Кыргыз радиосунун кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты.

Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчисинин орун басары Кайрат Иманалиев кыргыз радиосунун 80 жылдыгына карата бир нече маданий-спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатканын “Азаттыкка” айтып, мындай деди:

-Чогулуш, жыйын кылуу менен гана чектелбей, маданий-спорттук иш-чара менен Кыргыз радиосунун 80 жылдыгын белгилеп, журналисттердин ынтымагын, кызматташтыгын чыңдайлы деген максат менен мурда үстөл теннистен мелдеш өткөрсөк, бул ирет футболдон турнир өткөрдүк. Эми кыз-келиндер арасында волейбол мелдешин өткөрсөк деген тилек бар.

8 команда эки топко бөлүнүп ойноп, “Азаттыктын” командасы “Кыргыз радиосун”, “Радиотеле борбор” командаларын утуп алды. Бирок “Акипресс” командасына 3:2 эсебинде утулуп калганы менен упайлардын айырмасы боюнча жарым финалга чыкты.

Биздин команда жарым финалда ЭлТР командасы менен беттешип, негизги убакыт 0:0 эсеби менен эсеп ачылбай калып, жекеме-жеке топ тебүү менен “Азаттык” командасы утуп, баш байгеге талапкердин бири болду.

Экинчи жарым финалда “Дем” театры менен “Республикалык радиотеле борбор” командалары күч сынашты. Натыйжада 5:0 эсебинде Республикалык радиотеле борбор”командасы утуп, алар дагы баш байгеге талапкер болду.

Баш байге үчүн “Азаттык” радиосу менен “Республикалык радиотеле борбор” командалары беттешип, 2:1 эсебинде “Азаттыктын” жигиттери жеңишти камсыз кылышты.


Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү дагы футбол ойноп, ар бир командадан бирден эки мыкты оюнчулар таанылганын “Кыргыз радиосу” командасынын капитаны Жаныбек Эсеналиев айтып берди.

Мелдештин мыкты оюнчусу аталган ЭЛТР командасынын капитаны Кадыр Султаналиев ушундай мелдештер көп уюшулса деген тилегин билдирди. "Азаттыктын" Бишкек кеңсесинин жетекчиси Султан Жумагулов "Мелдештин мыкты ардагер оюнчусу" деген сыйлыкка татыды. Мелдеште үчүнчү орунду ЭлТР командасы камсыз кылышты.
XS
SM
MD
LG