Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Окуялар таржымалы


Ош, 11-июнь, 2010-жыл.
Ош, 11-июнь, 2010-жыл.

Июнь коогасы башталган алгачкы күндөрдөгү жана бул каргашага байланыштуу бир жыл ичиндеги окуялардын тизмегин - хронологиясын сунуштайбыз.


10-июнь: Коогалаңдын тутанышы

2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык араздашууга айланып кетти. Тополоң алгач шаардын борбордук бөлүгүндөгү казинолордун биринде кыргыз-өзбек жаштарынын ортосундагы чырдан тутанганы айтылып келет. Бул чырдан соң түнкү саат он жарымдарда шаардагы “Алай” мейманканасынын тегерегине миңден ашуун өзбек тектүү жарандар, негизинен жаштар чогулган. Аларга каршы турган аз сандагы кыргыз жаштарынын саны улам көбөйүп отурган. Чырды басууга келген милиция күчтөрү андай учурларда колдончу атайын ок-жабдык, же кошумча аскерлер менен бекемделген эмес. Ички иштер кызматкерлери жараат алып, алардын унаасына жана тегеректеги имараттарга өрт коюлган. Түнкү саат он экилерде шаардын борбордук бөлүгүндөгү мечиттерде беймаал азан айтылган. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган.

11-июнь: Өзгөчө абал

Бул окуядан соң Убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана түнкү саат 2ден таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер жана аскер техникасы киргизилген.
Ош, 11-июнь.

Түнкү тополоңдо 10 чакты имарат талкаланып, тополоңду уюштурган деп шектелген 5 киши камакка алынган.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева эртең менен Улуттук телеканал аркылуу Ош шаары менен Кара-Суу районунда адамдардын өлүмүнө алып келген кагылышуулар болгонун билдирип чыкты. Төрайым Ош шаарына аскердик оор техникалар киргизилип, аймакта өзгөчө абал жарыяланганын билдирди.

Бул күнү эртең мененден баштап шаардын ар кайсы жерлеринде, чет жакаларында адамдар топтошо баштады. Шаар көчөлөрүндөгү соода түйүндөрүндө түндө башталган өрт дагы эле күйүп жатты. Коомдук транспорт жок. Шаардын көчөлөрүн аскер жана милиция күчтөрү көзөмөлдөп турушту. Саламаттык сактоо министрлиги түнкү тополоңдон каза болгондордун саны 14кө жеткенин кабарлады. Ошко Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков келишти.

Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектеш Фурхат айылында маал-маалы менен ок атылып турду. Тирешүүдө эки киши каза таап, отуздайы ооруканага жеткирилгени кабарланды. Черемушка кичи районунда да ок атылуулар болуп, үйлөр өрттөлүп жатты.

ИИМ Ош шаары жана облусттун айрым аймактарында коменданттык саат кечки алтыдан таңкы алтыга чейин созулганын билдирди.

Кечке жуук жалпысынан 37 кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашык киши жараат алганы, 50сүнүн абалы оор экени кабарланды. Оштун Черемушка районундагы жер тамдар дале өрттөнүп жатты. Башкы прокуратура тополоңго тийешеси бар деп шектелген Ош шаарынын төрт тургуну кармалганын, каза болгондордун кимдиги аныкталып жатканын билдирди.

Ош, 11-июнь.
Кечки саат бештерде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Оштогу окуяны жана анда каза болгондор тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганын айтып, билдирүү таратты. Элчилик тараптарды бардык маселелерди тынчтык жана мыйзам жолу менен чечүүгө чакырып, күч колдонуу маселени чечпестигин белгилеген. Буга улай Бириккен Улуттар уюмунун жетекчиси Пан Ги Мун да Кыргызстандын элин сабырдуулукка чакырган билдирүү жасады.

Ушул күнү Ташкенде аяктаган Шанхай Кызматташттык уюмунун жыйынында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов уюмдун лидерлери Кыргызстанга көмөк көрсөтүү даяр экендигин билдирди. Ал эми орус президенти Дмитрий Медведев жаңжалды дароо токтотууга үндөп сүйлөдү. Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюму Кыргызстандагы кан төгүүгө өкүнүч билдирип, элди сабырдуулукка жана тынчтанууга чакырды.

Саламаттык сактоо министрлиги кечки саат он жарымга карай Ошто каза тапкандар 45 адам болгонун кабарлады. Жарадар болуп жапа чеккендер 632 адам, алардын ичинен 406 ооруканага жеткирилди. Алардын тең жарымынын абалы оор.

Түнкү саат он бирлерде Ош шаарынын кире беришиндеги Фуркат айылында 300гө чукул адам топтолуп, алар шаардагы өлгөндөрдүн саны жөнүндө маалымат берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышты. Шаардын Гагарин көчөсүндө атышуулар болгону, бирок курмандыктар жок экени кабарланды.

12-июнь: Кырдаал дале курч бойдон

Түн ичинде да Ош шаарынын чет жакаларында атышуулар болгону, кээ бир көчөлөрдө имараттар өрттөлгөнү кабарланды.

6:00 Ошто тополоң башталгандан бери каза болгондор 46 адамга жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин штабынан билдиришти. Жаракат алгандардын саны 632ге жетти.

Ош, 12-июнь.
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун өтүнүчү менен убактылуу өкмөт жергиликтүү “Ош ТВ”, “Мезон” жана ДДД телеканалдарынын ишин убактылуу токтотту. Буга аталган телеканалдар аймактагы улуттар аралык мамилени курчутуп жатат деген себеп негиз болду.

9:00 Макаренко мектебинин жанында жардыруу болуп, күч органдарынын атайын тобу ошол жерге жөнөп кеткени айтылды. Шаар башчынын биринчи орун басары Тимур Камчыбеков “Азаттыкка” Ош шаарында кырдаал оор бойдон калып жатканын, ок атышуу токтой электигин жана айрым жерлерде талап-тономой башталганын айтты.

9:40 Аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев саат ондордо Геологдор шаарчасында атышуу болуп жатканын, номуру жок унаа минип, бет кап кийген белгисиз адамдар шаардын ар кайсы бурчуна барып ок чыгарып, бүлүк салуу менен элди бири-бирине кайраштырып жатканын кабарлады. Шаар бийлиги жана милиция өкүлдөрү ар кайсы улут өкүлдөрү менен жолугушуп, элди тынчытуу аракетин көрүп жүрдү.

15:00 Өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева Кыргызстан аскерий жардамга муктаж экенин айтып чыкты. Анын айтымында, кырдаал жээктен чыгып кеткендигине байланыштуу башка мамлекеттердин жардамы зарыл болуп калды. Ошон үчүн ал бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге ушундай маанидеги кат жазгандыгын билдирди. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча коңшу мамлекетер менен да сүйлөшүүлөр тынбай жүргүзүлүп жаткандыгын жана алар адамдын өмүрүнөн артык эч нерсе жок экендигин коңшулар жакшы түшүнүп жатышкандыгын баса белгиледи.

15:10 Ошто каза болгондордун саны 62ге жеткени айтылды.

15:20 Кыргыз-өзбек чек арасы бир тараптуу ачылды. Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков Ош шаарына жакын жайгашкан "Ак-Буура" бекетинин оң жана сол тарабындагы өтүүчү жерлерден өзбек улутундагы Кыргызстандын жарандары коопсуздугуна байланыштуу Өзбекстанга өткөрүлүп жатканын кабарлыд. Эки тараптан тең буга тоскоолдуктар болгон жок. Канча жаран өткөндүгү туурасында маалымат жок.

Ош, 12-июнь.
17:00 Кыргызстандын жарандык коому эл аралык уюмдарга кайрылды. Оштогу тополоңдон улам Кыргызстандагы он чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү Европа Биримдигине, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар уюмуна кайрылуу менен чыгышты. Алар Убактылуу өкмөт кырдаалды жөнгө сала албай калганын белгилешип, аталган уюмдарды жардам берүүгө чакырды.

18:15 Ош шаарында кыргыз качкындардын тобу пайда болду. Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикировдун “Азаттыкка” айтымында, алар Оштун өзбек улуту жыш жайгашкан аймактарында жашаган кыргыздар. Алардын көбүнүн үйлөрү талкаланып, өрттөлгөн. 11-июнда 150 качкын кыргыздар тууган-уруктарына жана коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Бул күнү да жүзгө чукул качкын облустук администрация имаратына жайгыштырылды.

18: 20 Кыргызстандан Өзбекстанга качкындар үчүн коопсуздук тилкеси ачылды

Кыргызстан Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, Ош шаарына жакын бекеттин жанынан Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандары Өзбекстан тарапка өткөрүлүп жатат. Канча киши өткөндүгү туурасында так маалымат жок. Ош шаарынын кечээ үйлөр өрттөлгөн Черемушка районунун тургуну "Азаттыкка" 12-июнда эртең менен үч миң аял балдары менен өтүп кетишкенин айтты. Дагы бир адамдын айтымында, Өзбекстанда качкындарды бийликтер бала бакчаларга жана мектептерге жайгаштырып жатат.

19:04 Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна коменданттык саат киргизилди

Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Этностор аралык кагылышуу толкуну Жалал-Абадга да жетти.

22:47 Жалпысынан 77 адам мерт болду. Саламаттык сактоо министрлиги тополоң башталгандан бери Ош областында 71 адам каза таап, 557 адам ооруканада жатканын жана Жалал-Абадда 50 адам жабыркап, алтоо кайтыш болгонун билдирди.

23:00 Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Оштогу окуялар боюнча билдирүү жасаганы кабарланды. Анда Өзбекстандын эли жана коомчулугу Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга байланыштуу өтө чоң тынчсызданууда турганы белгиленип, чектен чыккан кылмыштуулукту токтотуп калганга көптү көргөн Кыргызстандын эли жана анын кыраакы күчтөрүнүн акылы жетет деген ишеним билдирилген.

23:10 Убактылуу өкмөт өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы жиберген маалыматта өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жөнүндө Декрет кабыл алынганы айтылат. Декретке ылайык, Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскер бөлүктөрүн аскердик мезгилдин талабына ылайык даярдыкка келтирүү тапшырмасы берилди.

13-июнь: Чагымчылардын дүрбөлөңү

04:00 Ошто түнкү саат үч-төрттөр чамасында белгисиз бирөөлөр шаар көчөлөрүн аралап, кээ бир адамдарын уюлдук телефондоруна чалып “Өзбекстандын аскердик күчтөрү келди”, “Өзбекстан тараптан согушкер кылмышкерлер кирди” деген калп маалымат таратып, чагымчыл аракеттерди жасашканы маалым болду.

Оштон качып чыккандар Өзбекстандын чек арасында, 13-июнь.
Расмий тараптар кыргыз-өзбек чек аралары толук көзөмөлдө экени жана белгисиз адамдар Кыргызстан тарапка өтпөгөнү таcтыкталганын билдирди.

09:00 Ош, Жалал-Абадда набыт болгондордун саны - 80. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кагылыштарда каза тапкандардын саны сексенге чыкканын билдирди. Алардын жетимиш экиси Ошто, сегизи Жалал-Абад облусунда көз жумушкан. Эки облус боюнча тез жардамга кайрылгандардын саны 1066. Алардын ичинен 608 адам ооруканаларга жаткырылса, 380 адамга жеринде жардам көрсөтүлгөн.

10:20 Ош шаарында кагылышкан тараптар элдеше баштады. Ош шаарындагы Ноокат-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар элдешүү аракеттерин баштаганын окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдирди. Эки тараптан ондон өкүл катышкан иш-чарада тараптар кол алышып, мындан ары ынтымакта жашоого сөз беришти. Элдешүү демилгесин кыргыз-өзбек активисттери көтөргөн. Ушул эле топ Түштүк кичи районуна барып, ал жерде дагы эки тарапты элдештирүү аракетин көрүүдө.

12:29 Ош шаарынын айрым жерлеринде атышуулар уланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөрүбай Жураев билдирди. Анын айтымында, Ош кичи районунда атышуулар болуп, айрым соода түйүндөрү өрттөлүүдө. Кагылыш учурунда ок жеп жаракат алгандар бар. Ош аймактык комендантурасы да “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктап, тиешелүү чаралар көрүлүп атканын билдиришти. Ок атышуу болуп аткан аймакка Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов баштаган атайын топ чыгып кетти.

14:00 Кагылыштарда көз жумгандардын саны 84 адамга жетти. Ош жана Жалал-Абаддагы кагылыштарда көз жумгандардын саны 84кө жетти. Ошто 75, Жалал-Абадда 9 адам каза тапты. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиеванын айтымында, өлкө түштүгүндөгү ооруканаларга медициналык каражаттар жана азык-түлүктөр жеткирилди.

19:30 Оштун борборунда союл көтөргөн топтор пайда болду. Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө башына мык кагылган таяк союлдар, темирлер менен куралданган топтор пайда болду. Алар бир катар үйлөргө чабуул уюштурушту. Шаар борборунда жашаган үйлөрдүн бирине жасалган чабуулдан араң качып кутулганын Акыл аттуу жергиликтүү жаран Ош шаарында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына маалымдады. Кечээки күнгө салыштырмалуу абал бир аз тынчый түшкөнү менен ушул сыяктуу улуттар аралык кагылыштар Оштун бир катар аймактарында маал-маалы менен орун алып турду.

Кара түтүн чулгаган Ош, 13-июнь.
Мындай фактылар орун алып атканын Ош шаарынын комендатурасы да тастыктап, башаламандык уюштуруп аткандарга каршы улам оперативдүү топтор чыгып атышканын билдиришти. Бирок күчтүн жетишсиздигине байланыштуу андай башаламандык болгон жерлерге күч органдарынын кызматкерлерин жөнөтүү кечеңдеген учурлар болду.

20:25 Ошто чет элдик студенттерди куткаруу чарасы жүзөгө ашты. Бул тууралуу Ош шаарындагы комендатуранын кеңсесинен “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев маалымдады. Ошол күнү саал мурдараак Ош шаарында билим алып атышкан 40 чамалуу пакистандык студенттер комендатурага келип, шаардагы Зайнабидинов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде дагы 150 чамалуу түштүк азиялык (пакистандык, шри ланкалык, индиялык ж.б.) студенттер калып атышканын айтышкан.

Ариф Камал аттуу пакистандык студент “Азаттыкка” билдиргендей, ошол эле Зайнабидинов көчөсүндөгү үйдө жашынып турушкан маалда бет кап тагынган куралчан адамдар каалганы талкалап кирип, аларды коркутуп-үркүтүшкөн. Анын айтымында, ушул тапта пакистандык бир студент өмүрүнөн ажыраган. Бул маалыматты башка булактар тарабынан тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Ош шаарынын комендатурасы пакистандык жана башка түштүк азиялык студенттерди кооптуу аймактан чыгарып кетүү боюнча атайын аскерий топ түзүп, студенттер жашырынып отурган үйгө шашылыш жөнөткөн.

23:00 Каза тапкандар 113 болду. Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын саат 23.00 гө берген маалыматы боюнча, түштүк аймагында массалык тополоң окуялардан жабыркагандардын саны 1405, ооруканада жатканы 742, каза тапканы - 113.

14-июнь: Миңдеген адамдар Өзбекстанга өтө качты

6:00 Ош шаарында абал салыштырмалуу бир аз тынчып калды. Кара-Суу районунда абал оор бойдон калууда. Кашкар-Кыштак, ВЛКСМ айылдарында куралчан адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасы, 14-июнь.


6:37 Жалал-Абадда кырдаал турукташып калды. Түн ичинде ар кайсы жерде ок атуулар болду. Жалпысынан кырдаал тынч. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ белгисиз адамдар автомат, снайпер, граната менен куралданышып, тартип коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүштү.

7:20 Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал тынч. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына канча адам өтүп кеткени тууралуу так айтуу кыйын.
“Мурда күнү расмий эмес булактардан 42 миң өзбек улутундагы кыргызстандык жаран Өзбекстанга өтүп кеткенин маалымдашты. Айрым журналисттер Анжияндагы Кызыл жарым ай уюмунун лагеринде 6 миң өзбек улутундагы кыргызстандык атуулдар жайгаштырылганын кабарлашты. Чек ара бекеттеринин расмий маалыматы боюнча 2,5 миң адам коңшу мамлекетке өтүп кеткен. Ал эми Ала-Бука чек ара бекетинен бир жарым миң адам өзбек тарапка өтүп кетип, кечээ кайра кайтып келишти”,-деди Ч.Турусбеков.

10:00 Ош шаарында түн тынч өттү. Ушул маалда атышуулар дээрлик токтоду. Ошентсе да айрым көчөлөрдө талап-тоноо басыла элек. 14-июндан баштап мекеме-ишкана, биринчи кезекте азык-түлүк сатылуучу жайларды иштетүү аракети көрүлүүдө. Ал эми Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимовдун маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал жарыяланган Өзгөн шаары, Араван жана Кара-Суу райондорунда кырдаал кыйла турукташып баратат. Аймакта атышуу, талап-тоноо жана адам өмүрүнө кол салуу фактылары катталган жок.

Кыргыз-өзбек чек арасы, 14-июнь.
10:05 Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы өлтүрүлгөнү кабарланды.
Бир нече адамды барымтага кармаган Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургундары менен сүйлөшүүгө барган ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адыл Султанов 13-июнда өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Аны менен чогуу барган айдоочусу да өлтүрүлгөн.

11:24 ИИМ: Жалал-Абадда кырдаал оор бойдон. Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришкендей, Ошто өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда кырдаал оор бойдон, бирок салыштырмалуу абал турукташууда. Станционардык бекеттерде өткөрмө-күзөт режими катуу иштеп жатат. 847 чет элдик жарандар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Ал эми Жалал-Абад шаарында абал оор бойдон калууда. Бул жакта түнүндө айрым атышуулар, кагылыштар катталган. ИИМ жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан аракеттер көрүлүүдө. Сузак районунун ички иштер бөлүмүн басып алуу аракеттери токтотулган. Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышууда алты милиция кызматкери каза таап, 17си жараат алган.

12:10 Мерт болгондор 117ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

13:00 Ошто тараптар барымтага алынган адамдарды алмашууда. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, беш өзбек улутундагы адамды берип, беш кыргыз улутундагы адамды өткөрүп алышты. Өзүн Замира деп тааныштырган барымтадан чыккан кыргыз аял өзбек тарапта дагы 15 жаран калганын билдирди. Атайын аскер тобу аларды бошотуунун жолун кароодо. Ошондой эле Ош шаарында гуманитардык жардам жетишпей, аларды таратуу жолуна нааразы эл көчөлөрдө тамак-аш издеп жүрүшөт. Алар гумжардам шаардын кичи райондоруна да таратылуусун суранышууда. Мындан мурдараак дагы эки өзбек улутундагы адамды кыргыздарга алмаштыруу үчүн алып кетишкени маалымдалды.

14:20 Ошто башаламандыкты уюштурду деп шектелген 10 адам кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ош комендантынын басма сөз кызматынан тастыктады. Шаардагы блокпосттор күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

16:00 Жалал-Абадда элдешүү аракеттери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов баштаган топ эки улуттун өкүлдөрү, аксакалдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анда ок атууну токтотуп, куралдарды таштоо демилгеси көтөрүлүүдө.

17:20 Жалал-Абаддан чек араны көздөй кеткендер көбөйүүдө. “Акыйкат” укук коргоо борборунун юристи Уткир Жабировдун “Азаттыкка” айтымында, Жалал-Абад облусундагы Бек-Абат айылына жакын Балта-Казык деген жерде 50 миңдей адам Өзбекстанды көздөй кетип бара жатат. Алардын көпчүлүгү балдар, аялдар жана карылар. Чек араларда 16 жаштан жогорку эркектерди өткөрбөй жатат. Анын маалыматы боюнча, Жалал-Абаддан Өзбекстанга өтчү чек араларда 60 миңге чукул жарандар топтолгон. Бул маалыматты расмий тараптан тактоо мүмкүн болгон жок.

18:30 Тополоңдон ажал тапкандар 124 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жалпысынан тополоңдон 1 миң 685 адам жабыркап, алардын 824ү ооруканага жаткырылды. Каза болгондордун 94ү Оштогу башаламандыкта, 30у Жалал-Абаддагы тополоңдо мерт болгон.

19:00 Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков Өзбекстан 14-июнда саат 18:00дөн тарта чек арадагы өткөөл бекеттерди бир тараптуу жапканын билдиргенин кабарлады.

21:19 Чек арага баргандарды кайтаруу аракети көрүлүүдө. Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жергиликтүү бийликтин демилгеси менен түзүлгөн атайын топтор кыргыз-өзбек чек арасына жөнөп кетти. Алар коопсуздугунан кооптонуп Өзбекстандын чек арасын көздөй качып барган бул аймактардын тургундарын үйлөрүнө кайтууга үндөшөт. Эгер каалоочулар болсо алар атайын даярдалган кичи автобустар менен алып келинет. Ошондой эле алардын коопсуздугуна кепилдик берилет жана милиция өкүлдөрү коштоп келээри айтылды.

15-июнь: Мерт болгондордун саны өсүүдө

06:35 Тополоңдон ажал тапкандардын саны 138 адамга жетти. Ош облусунда 95 адам каза болуп, 1267 адам жаракат алган. Алардын 665и ооруканага жаткырылып, 507не амбулаториялык медициналык жардам көрсөтүлгөн.

06:40 Ош, Жалал-Абадда түн салыштырмалуу тынч өттү. Ош, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын нөөмөт бөлүмдөрүнөн билдиришкенге караганда, түштүктө учурда кырдаал турукташып, укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Өзбекстандын Йоркишлак айылындагы качкындар лагери, 15-июнь.
10:00 ЖККУ аскерлерин Кыргызстанга киргизбейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеши Кыргызстан элин ынтымакка чакырып, тез арада тынчтыкты орнотууга үндөгөн билдирүүгө кол коюшту жана Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө макулдашты.

13:00 Жалал-Абадда кырдаал тынчып калды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына азык-түлүктөрү түгөнгөн адамдар келишти. Аларга мэрия тарабынан Бишкектен Ошко келаткан кайрымдуулук жардамдан алынган нан таратылды. Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндөгү тартипти өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөөдө. Шаарда абал тынч, талап-тоноого катыштыгы бар делген 5 адам кармалганы айтылды.

14:00 Ошто барымтадагы адамдар алмаштырылууда. Ош шаардык милициясынын башчысы Курсан Асанов журналисттер менен жолугушуп, каршылашкан тараптар барымтадагы адамдарды алмаштыра баштаганын айтты. Бул учурга карай 386 өзбек улутундагы, 214 кыргыз улутундагы адамдар алмаштырылды.

16:10 16-июнь - аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мындай токтом кабыл алынганын Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева маалымат жыйында билдирди. Президент өлкөнүн түштүгүндө кырдаал татаал экенин, бирок акырындап турукташа баштаганын да айтты.

17:00 Кандуу окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырык жасалды

Кыргызстандын, Казакстандын, Армениянын, Белоруссиянын, АКШнын, Орусиянын жана Британиянын коомдук уюмдары БУУ, ЕККУ, Еврокомиссия, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда экстремизм, терроризм маселелери боюнча жана аскердик адистерди тартуу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды эл аралык тыкыр иликтөөгө алууга чакырыгы ташталды.

18:30 Оштогу ок атышуу гумжардамды таратууну токтотту. “Азаттыктын” Ошто жүргөн кабарчысы Жанар Акаевдин айтымында, Ош шаарынын Калинин көчөсүндө белгисиз бирөөлөр аскер кызматкерлерине ок аткан. Каза болгондор катталган жок. Бул шаардын четиндеги кичи райондору Черемушка, Ак-Тилек, Төлөйкөн, Батыш кичи райондоруна гуманитардык жардамды жеткирүүнү токтотту. Шаар комендантурасы аталган райондордун тургундарына гумжардам жеткирүү аркеттери кайра калыбына келерин билдирди.

16-июнь: Кыргызстан аза күтүүдө

Түштүктөгү кандуу окуяларга байланыштуу аза күтүү үч күнгө, 16-июндан 18-июнга дейре созулмакчы. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул күнгө карай түштүктөгү коогалаңда 179 адам каза болуп, эки миңге чукул адам жаракат алганын кабарлады.

Оштун борбордук аянты, 16-июнь
10:40 Гумжардам талоончулукка кабылды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн социалдык тармакты тейлеген мүчөсү Элмира Ибраимованын жардамчысы Канат Аскаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан түштүккө жиберилип жаткан азык-түлүк, дары-дармектерге ортодон каракчылар кол салып, талоончулук кылуу аракетин жасоодо. Ош жана Жалал-Абадда гумжардамды элге таратуу шаардык мэрия имаратында гана уюштурулуп, элдин азык-түлүккө муктаждыгы керектүү деңгээлде канааттандырылбай жатат.

16:00 Оштогу түркмөн студенттери мекенине кайтарылды. 330 түркмөн студенти "Достук" чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө караганда, буга чейин төрт каттам учак менен түркмөнстандык 500 чакты студент үйлөрүнө Ош шаарынан жөнөтүлгөн.

16:10 Каза тапкандардын саны 187ге жетти. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, каза тапкандардын саны 187ге жетти. Каза тапкандардын көбү Ош шаарына туура келүүдө.

17:20 Жалал-Абадда кырдаал тынчып калды. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, бүгүн Жалал-Абад шаарында абал негизинен тынч болду. Коомдук транспорт жана шаардын чет жакасындагы соода түйүндөрү иштеп, турмуш акырындап өз нугуна түшө баштады. Сузак районунун борбору – Сузак айылында болсо жолдорду бөгөп алган жергиликтүү калк комендатуранын жолду ачуу талабына азырынча көнбөй турушат. Алар айылга кандайдыр бир топтор кирип келиши мүмкүн дешип кооптонушууда.

17-июнь: Барымтага алуулар уланды

6:00 Ош, Жалал-Абад облустарында түн тынч өттү. Бул тууралуу аталган облустардын ички иштер башкармалыктарынын нөөмөт бөлүмдөрүнөн билдиришти. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, кечээ Ош шаары менен аэропортту байланыштырган кан жолдун боюндагы Сталин айылында снайперден ок атылып, гуманитардык жардамды алып өтүүгө тоскоолдук болду.

Жалал-Абад шаарында абал тынчыганы менен облустун Сузак айылына өтүүчү жол жергиликтүү тургундар тарабынан тосулуп, сырттан башка адамдар, тартип коргоо органдары киргизилбей турат.

Ош, 17-июнь.
12:20 Ошто элдешкенден кийин да эки кыргыз барымтага алынды. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, буга нааразы болгон айрым кыргыз улутундагы атуулдар жана барымтага алынган эки баланын туугандары болуп, 60ка чукул адам Ош облустук администрациянын алдына чогулушту. Алар балдарды бошотуу талабын коюп жатышат.

Чогулгандардын айтымында, Оштун Шейит-Дөбө айылынын тургундары элдешип, сүйлөшүүгө баргандан кийин да Ош шаарынан эки баланы барымтага алышкан. Чогулган адамдар Ош шаарынын комендантынын орун басары Бактияр Фаттаховду өздөрүнө кошуп алып, балдарды барымтадан чыгаруу үчүн сүйлөшүүгө кетишти.

16:20 Ошто көзгө атар деп шектелген 8 адам кармалды. Ош шаардык комендатурасынын басма сөз катчысы Тимур Шаршеналиевдин айтымында, аларда көзгө атарлардын куралы бар экени аныкталган. Өздөрү сурак берүүдө.

18:00 БУУ: Кыргызстанда 400 миң киши бозгун болду. БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалымат катчысы Элизабет Бөрс бир жума мурда башталган өлкөнүн түшүгүндөгү тополоңдо Өзбекстанга 75 миңден 100 миңге чукул киши качты деп болжолдонуп жаткандыгын бышыктады. Бул санакка кичинекей балдар кирген эмес. Өкүл Кыргызстандын ичинде орун которгондордун саны 300 миңге чукул болушу мүмкүн экендигин кошумчалады. Ош шаарынын тургундарынын жарымынан ашыгы качып чыккандыгын шаар бийликтери кабарлады.

18:30 Оштун айрым аймактарында кырдаал курч бойдон. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз улутундагы атуулдардан турган моно аскер топторун көрүп чочуган өзбек улутундагылар арасында ар кандай чагымчыл иштер байкалууда. Ошол себептүү Он-Адыр, Шарк, Шайыт-Дөбө айылдарында абал дале болсо чыңалган бойдон турат. Бул үчүн Исмаилова шаар бийлигин, мэрия жана Бишкектен барган чиновниктерди бирдиктүү иштегенге чакырды.

18-июнь: Роза Отунбаева Ошто

Роза Отунбаева Ошто, 18-июнь.
10:00 Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева Роза Отунбаева алгач тик учак менен Ош шаарын үстүнөн кыдырып көрдү. Андан соң президент Ош шаары кайра оңдолоорун, шаар бир топ талкаланганын белгиледи. Ошондой эле ал тополоңдо үй-жайын таштап кеткен бозгундарды кайтаруу аракеттери көрүлөөрүн айтты. Ооруканаларды кыдырып, жабыр тарткандардын ал-абалы менен таанышты.

12:30 Сузакка кире бериштеги тосмо алынып салынды. Сузак менен Жалал-Абад шаарын бириктирип турчу айлампа жол ачылып, тосмо расмий түрдө алынып салынды. Жалал-Абаддагы тополоң учурунда Сузактын тургундары райондун кире беришине тосмо орнотуп, эч кимди киргизбей жаткан эле.

19-июнь: Өзбекстанга өтө качкандар кайтып келе баштады

10:10 Ошто тосмолорду ачуу аракеттери көрүлүүдө. Ошто тосмолорду алуу иштери башталып, ага шаардын коменданты Курсан Асанов өзү баш болуп катышты. Калинин, Шейит-Дөбө кичи райондорунда кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ушул эле учурда Араван кичи районунда ок атылганы кабарланды.

10:25 Барымтадагыларды алмаштыруу уланды. Ошто барымтадагы кыргыз жана өзбек улутундагы адамдарды алмаштыруу иштеринде өзбек улутундагы 637 жаран кыргыз улутундагы 432 кишиге алмаштырылып, үйлөрүнө кайтырылганын шаар коменданты Курсан Асанов билдирди.

12:19 Өзбекстанга кире качкандар кайтып келүүдө. Кыргызстандын Чек ара кызматы өткөн түнү “Кызыл-Кыя” чек ара бекетинен - 2 миң 528, “Маданият” бекетинен – 150 жана “Халмиондон” – 75 өзбек тектүү жаран кайра Кыргызстанга киргенин кабарлады. Мындан тышкары “Сакалды”, “Марказ”, “Арка-Сай”, “Шамалды-Сай” чек ара бөлүктөрү тарабынан да өзбек тектүүлөр кайтып келген. Баш аягы өткөн түнү 4 миң 559 адам Кыргызстанга кайтты.

12:40 Оштогу окуяларга тиешеси бар деген шек менен 20 адам кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсүндө, массалык тополоң уюштурганы үчүн Ошто 90 кылмыш иши козголду. Тартип коргоо органдарына дайынсыз жолголгондорун таап берүү өтүнүчү менен 20 арыз түшүп, алардын негизинде 3 кылмыш иши козголгон. 120 сөөк табылып, алардын жетимишин жакындары тааныган.

15:50 Тосмолор алынбаса аскер күчү колдонулаары эскертилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов маалымат жыйынында билдирди. Мэр жакындары дайынсыз жоголгондор менен да жолугушканын, табылбай аткандардын саны 300-400гө жеткенин да айтты. Ал тосмолорду алып, жолдорду ачууга жана барымтадагыларды бошотуу үчүн эртеңки күнгө чейин убакыт бар экендигин эскертти.

17:18 Өзбек маалелери ачыла элек. Бүгүн эртең мененки саат онго чейин шаардагы өзбек улутундагы эл жашаган конуштардагы тосмолор алынаары айтылган эле. Бирок конуштарын тоcмолоп алган эл коопсуздугуна байланыштуу мындай талапты аткарган жок. Шаар бийлиги эми тосмолор эртеңге чейин ачылбаса аскер күчтөрү колдонулаарын эскертүүдө. Шаарда бүгүн кырдаал негизинен тынч.

17:20 Жалал-Абадда кырдаал тынч. Бүгүн облус борборундагы базарлар, соода түйүндөрү толук иштей баштады. Көчөлөрдө элдин агымы да мурдагы күндөргө караганда көбүрөөк болуп, эл кайра жай турмушка өтө баштады. Аймактагы кырдаал толугу менен аскерлердин көзөмөлүндө.

18:30 Ош шаарынын бир катар райондорунда тосмолор алынып салынды. Ыкчам түшүндүрүү иштеринин натыйжасында ушу сааттарга Амир-Темир, Шейит-Дөбө, Туран кичи райондорундагы жолдор ачылып, тосмолор алынганы айтылды.

20-июнь: Өзгөчө кырдаал мөөнөтү узартылды

8:00 Убактылуу өкмөттүн чечими менен Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими 25-июнга чейин узартылды.

10:00 Башаламандыктарда каза тапкандар эки жүздөн ашты. Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тополоң окуяларда ушул күнгө карата 202 адам каза тапты. Бардык жабыркагандардын саны эки облус боюнча 2092 адам. Алардын ичинен 935 адам ооруканага жаткырылса, 1097 адамга амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.

12:00 Ошто жалпы кырдаал турукташып калды. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков кезектеги чукул кеңешме өткөрүп, тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен бирге аймактагы коопсуздук маселесин жана санитардык эпидемиологиялык абалды талкууга алышты.

21-июнь: Ош, Жалал-Абад шаарларын кайра куруу жана өнүктүрүү дирекциясы түзүлдү

Убактылуу өкмөт ишембиде ушундай чечим кабыл алганын каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган дирекция кыска мөөнөттө Ош, Жалал-Абад шаарларынын генералдык планын иштеп чыгып, эки шаарда көп кабаттуу турак-жайлар, заманбап имараттар курулушу керек.

Жалал-Абадда коменданттык сааттын мөөнөтү кыскартылды

Коменданттык сааттын мөөнөтү кечки саат ондон таңкы бешке чейин болот. Мындай чечим облуста кырдаал акырындык менен калыбына келе баштаганына байланыштуу кабыл алынды. Мурда анын мөөнөтү кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин болчу.

Роза Отунбаева Жалал-Абадда

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева иш сапары учурунда Жалал-Абад шаарынын абалы менен тик учак аркылуу таанышты. Ооруканага барып, кагылышта жабыркагандардын абалын сурап, башаламандыкта өрттөнгөн, талкаланган ишкана, мекеме жана турак-жайларды көрдү.

Коогалаңда ажал тапкандардын расмий саны 208ге жетти

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, түштүктөгү тополоңдо жабыркаган 2 миң 101 адам ооруканага кайрылып, алардын миңге чукулу жаткырылган. Каза болгондордун саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Нариман айылындагы операция учурунда эки киши каза тапты

Ош областтык комендатуранын басма сөз катчысы Тимур Шаршеналиевдин айтымында, Нариман айылындагы атайын операция учурунда аскерлер үй-үйлөрдү кыдырып, текшерип, тинтүүгө алышты. Текшерүү учурунда 11-13-июндагы Оштогу тополоң окуяларга катышы бар деген шек менен жети адам кармалды. Куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн ичинен эки адам каза тапты. Айылдын ичиндеги элден куралдар, жардыргыч заттар, октор табылды.

Комендатуранын маалыматына караганда, Нариман айылынын жашоочулары коюлган мөөнөттө куралдарын өткөрүп беришкен эмес, айылдын оозун тоскон баррикадаларды албай коюшкан.

Укук коргоочулар Нариман айылындагы аскердик операциянын жүрүшүндө бейкүнөө элге зордук-зомбулук көрсөтүлдү деп сынга алышып, аны токтотуу талабы менен Ош областынын комендантына кайрылышты. Бул окуяга өзү күбө болгон белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "аскерлер мыйзамсыз аракеттерди жасап атат" деп билдирди.

22-июнь: ШКУ түштүктөгү кайгылуу окуяга тынчсыздануусун билдирди

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Кыргызстандын түштүгүндөгү көптөгөн адам өлүмүнө алып келген катаал окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, улуттар аралык кагылыштырууну көздөгөн мыйзамсыз ашынган кылмыштуулуктун аракеттерин токтотууга чакырды. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттер Борбор Азиянын бардык аймактарынын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн Кыргызстандагы саясий кырдаалды калыптандыруу максатында Өзбекстандын аймагындагы качкындардын негизги бөлүгүн эске алып, гуманитардык чукул жардам берүү зарылдыгын билдиришти.

Ош шаарында таанылгыс абалга келген 33 адамдын сөөгү жерге берилди

Бул тууралуу Ош облустук соттук медициналык экспертиза борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык жерге берилген сөөктөрдүн экөө аял кишилер болушкан. Аталган борбордон буга чейин Кара-Суу районунда таанылгыс абалга келген он адам жерге берилгенин билдиришти.

Ошто коменданттык саат кыскартылды

Ош облусунун жана Ош шаарынын өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарында коменданттык саат үч саатка кыскартылды. Мурда өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда коменданттык саат кечки саат 18:00дөн таңкы 06:00гө чейин болсо, эми 21:00дөн 06:00гө чейин болмокчу.

Мерт болгондор 251 адамга жетти

Бул күнү түшкү он экиге карата башаламандыктарда каза тапкандардын ырасмий саны 251 болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, айрым каза тапкан атуулдардын туугандарды сөөктөрдү медициналык пункттарга же моргго алып келбей эле жерге берген учурлар болууда. Ошол себептүү башаламандыктарда каза болгондордун саны ырасмий жарыялагандан алда канча көп болушу мүмкүн.

23-июнь: Оштогу башаламандыктар боюнча кылмыш иштери козголду

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Ош шаары боюнча ведомостволор аралык тергөө тобу тарабынан 67 кылмыш иши козголуп, 22 адам кармалган. Анда массалык башаламандык, зомбулук менен өлтүрүлгөн өлүктөрдүн табылганы боюнча 13 кылмыш иши козголгон, адам уурдоо фактысы боюнча 4, адам өмүрүнө коркунуч туудуруп, бөлөк бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу боюнча 2 кылмыш иши козголгон.

Роза Отунбаева Нариман жана Фуркат айылдарынын жашоочулары менен жолукту

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 22-июнда Оштун жака белиндеги Нариман жана Фуркат айылдарынын жашоочулары менен Ош аба майданынын аймагында жолукту. Отунбаева түштүк аймагындагы кырдаалды нормалдаштыруу боюнча Убактылуу өкмөт көрүп жаткан иш чаралар жөнүндө жана алдыдагы референдумдун мааниси жөнүндө маалымат берди.


Өзбекстандан 35 миңдей качкын кайтты

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Адрасулованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бүгүнкүгө чейин Кыргызстанга 35 миң чамалуу качкын артка кайтышты. Анын айтымында, Жалал-Абадга кайткан качкындар үй-жайларына жайгашып атышат. Ал эми Ош облусуна кайткан качкындардын бир тобунун үйлөрү күйүп кеткен. Ошол себептүү аларды жайгаштыруу маселеси пайда болууда.

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы баш аламандыктарда жабыркагандарга жана качкындарга жардам берүү боюнча Убактылуу өкмөттүн атайын өкөлү Айгүл Рыскулова “Азаттыкка” билдиргендей, кайтып аткан качкындарга кам көрүү боюнча атайын топтор иш алып барышууда.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков бул күнгө карай баш аламандыктардан улам Өзбекстанга кире качкан 57 миң 539 качкын кайтып келгенин маалымат жыйынында билдирди.

Ош жана Жалал-Абад облустарында 11-июнда башталган баш аламандыктардын натыйжасында 75 миңден ашуун качкын Өзбекстандын чегине өтүп, чек арага жакын жердеги убактылуу лагерлерде баш калкалоого аргасыз болушкан.

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал мөөнөтү узартылды

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева “Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу жөнүндө” деп аталган декретке кол койду. Ага ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды турукташтыруу максатында Жалал-Абад облусуна киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 25-июнга чейин узартылды. Коменданттык саат кечки саат 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин созулат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар дүйнөлүк маалымат тармагына көп учурда бир жактуу кетип атканына тынчсызданган билдирүү таратты. Анда маалыматтардын бир тараптуу таркап атышы Кыргызстандагы улуттар аралык жагдайды тескерисинче оорлотору баса белгиленген. Ошол себептүү ТИМ Кыргызстандагы окуяларды чагылдырып аткан бардык эл аралык жана жергиликтүү журналисттерди маалыматтарды тен салмактуу, калыс чагылдырууга чакырат. “Калыс, акыйкат жана тең салмактуу маалымат гана улуттар аралык байланыштардын өрчүшүнө, Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын айланасында тынч турмуштун өнүгүүсүнө түрткү берет”,- делет билдирүүдө.

24-июнь: 70 миңге чукул качкын кайтып келди

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун маалыматына караганда, кечээ эртең мененки саат сегизден, бул күнү таңкы саат жетиге чейин 25 миң 867 качкын мекенине кайтып келди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул күнгө чейин 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келди.

Жалал-Абадда кырдаал турукташып калды

Жалал-Абад областынын коменданты Кубатбек Байболовдун билдиришинче, аймакта абал турукташып келе жатат. Буга чейинки күндөрдө оор кылмыштар катталган эмес, ар түрдүү майда тартип бузуулар менен 10 киши кармалган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал алдыдагы референдумга байланыштуу аймакта даярдык иштери планда бекитилген тартипте жүрүп жатканын кошумчалады.


"Хьюман Райтс Уотч" уюму укук коргоочу Азимжан Аскаровдун таламын талашты

Эл аралык бул уюм билдирүү жасап, кыргыз бийлиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүүгө тийиш деди. Аскаров тополоң чыгарган жана улут аралык жек көрүүчүлүккө жем таштаган деген кине менен 15-июнда Базар-Коргондо кармалган. Мыйзамга ылайык, расмий айып ага 48 сааттын ичинде тагылууга тийиш эле, бирок ал 18-июнда ага айыпталган. Уюмдун ырастоосунда, бийлик анын өзү тандаган адвокат менен жолугушуусуна тоскоолдук түзүшүүдө. "Хьюман Райтс Уотчтун" кийлигишүүсүнөн кийин гана Аскаровго жергиликтүү укук коргоочу уюм таап берген адвокат менен жолугушууга уруксат берилген, - делинет билдирүүдө.
25-июнь: Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча декрет кабыл алынды

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча чаралар тууралуу” декретке кол койду. Декретке ылайык түштүктөгү калабадан жапа чеккен бул эки шаарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт. Дирекция жетекчиси убактылуу өкмөт башчысы тарабынан дайындалып, ага убактылуу өкмөт башчысынын орун басары макамы берилет. Өкмөттүн жаңы курамы бекигенден кийин дирекция жетекчиси вице-премьер-министр милдетин аркалайт.


Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Убактылуу өкмөт төрайымы кол койду.

26-июнь: Коменданттык саат алынды

Ош жана Жалал-Абад облустарында чыккан жаңжалдан улам киргизилген коменданттык саат бүгүнтөн баштап токтотулду. Бул 27-июнда боло турган референдумга карата Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык ишке ашкан. ИИМдин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мындай аймактарды 8-9 милиция кызматкерлери жана элдик кошуун өкүлдөрү кайтарууга алмакчы.

Кыргызстанга 75 миң 685 качкын кайтып келди

Алардын көпчүлүгү туугандарына, мектептерге жана чатырларга жайгаштырылды. Алардын референдумга добуш берүүсүнө бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча өкүлү Исмаил Исаков бүгүн Ошто маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын аймагында ушул тапта ден соолугуна байланыштуу келе албаган жүздөй качкын калды.

Тополоң окуялар алып келген зыяндын көлөмү жөнүндө алгачкы маалымат айтылды

Ош жана Жалал-Абат жергесиндеги башаламандыктын кесепеттерин аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия биринчи жыйынын курду. Комиссиянын төрагасы, өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов белгилегендей, кагылышуу убагында аталган аймактарда 1094 менчик турак-жай, 12 мамлекеттик ишкана, 4 окуу жайы, 226 коммерциялык мүнөздөгү мекемелер өрттөлүп жок кылынган. Мындан тышкары өрт өчүрүүчүлөрдүн буту баспаган, ошондой эле белгисиз адамдар тобу тарабынан талкаланып, таланып-тонолгон объектилердин саны мындан дагы көп болушу ыктымал.

27-июнь: Роза Отунбаева Ош шаарында референдумга катышты

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева жалпы элдик референдумга катышуу үчүн Ош шаарына учуп барды. Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетинде жайгашкан 5298-номурлуу участкага барып добуш берди.

28-июнь: Кооптуу аймактарда коменданттык саат кайра киргизилди

Бул туурасында убактылуу өкмөт мүчөсү Исмаил Исаков Ошто маалымат жыйынында билдирди. Түштүктөгү чыр-чатак чыгып тынчыган аймактарда 10-августка дейре кечки 21.00дон таңкы 06.00гө дейре коменданттык саат иштейт.


Өзбекстандын ооруканаларынан Кыргызстандын атуулдары алынып келүүдө

Анжиян облусу менен чектеш чек ара бекетинде түштүктөгү башаламандыктан жабыркап Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жаткан 21 адам Ош облусундагы ооруканаларга жеткирилди. Алардын он бири октон жарадар болушкан. Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жатышкан Кыргызстандагы өзбек этносундагы 180 адамды этап-этабы менен алып чыгууга 8 тез жардам унаасы дайындалды. Оорулууларды Жалал-Абаддын ооруканаларына жайгаштыруу иш-чарасы 30-июнда да улантылат.

30-июнь: БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссары Ошто болду

Комиссар Антонио Гуттереш адегенде Оштогу этникалык кагылышуудан жабыркаган өзбектер жана кыргыздар менен жолукту. Алардын турмуш-шартына жана азыркы акыбалына абай салып, кыйын күндөрдө бозгундар көчөдө калбай тургандыгын, аларга Кыргызстан жана чет өлкөлөр тийиштүү деңгээлде жардам беришээрин жар салды. Ал андан ары өз сөзүндө кандуу калабадан жапа чеккендерге алгачкы ирет ири өлчөмдөгү гуманитардык жүктөр, айрыкча чатырлар, кийим-кечелер жана азык-түлүктөр таратылаарын кошумчалады.

Оштогу тополоңго байланыштуу 758 кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмыш иши көбүнчө өздүк мүлккө залака келтирүү фактысы боюнча козголгон. Андан кийинки орунда уурдоо, адам өлтүрүү, барымтага алуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү турат.

29-июнга карата Ош облусу жана шаары боюнча Аскердик прокуратура тарабынан 223 өлүк табылып, алардын 138и октон каза тапкандыгы аныкталган. Табылган өлүктөрдүн 84ү таанылган эмес. Ошондой эле дайынсыз жоголгондор боюнча 69 арыз келип түшүп, 49 кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 77 адам кармалып, анын 72си камалган.

5-июль: Ошто жарашуу жумалыгы башталды

Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков бүгүн Ош шаарында маалымат жыйын өткөрүп, 5-июлдан 11-июлга чейинки убакытты жарашуу жумалыгы деп жарыялады. Бул аралыкта жер-жерлерде, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүчү үгүт бригадалары иштешет. Анда мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарактарды ыктыярдуу тапшырууга, мындан ары этникалык чыр-чатакка жол бербөөгө чакырыктар айтылат.

7-июль: Жалал-Абадда элдешүү аракеттери жүрүп жатат

Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылында облустун тургундарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш-чара өттү. Иш-чара Ырыс, Сузак, Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн мусулман жамааттарынын демилгеси менен уюштурулуп, ага облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов, Дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Саид Махмуд Паюми катышты.

13-июль: Июнь окуясын иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүлдү


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен түштүктөгү окуянын чыгыш себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссия түзүлдү. Комиссияны коомдук ишмер Абыдганы Эркебаев жетектейт.

Акыркы маалыматтарга караганда, июндагы жаңжал убагында Ош жана Жалал-Абат жергесинде 332 адам каза тапкан, мындан тышкары эки миңден ашуун киши ок жеген жана зордук-зомбулуккка кабылган. Бирок айрым байкоочулар каза тапкандардын саны расмий маалыматтагыдан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн айтышууда.

15-июль: Түштүктөгү окуяларды Эл аралык көз карандысыз комиссия иликтейт


Аталган комиссияны Борбор Азия боюнча ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын атайын өкүлү Киммо Килюнен жетектейт. Түштүктөгү окуялардан кийин скандинавиялык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыгуу себептерин иликтей турган комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн. Бул маселе жакынкы күндөрү президент Роза Отунбаева менен Киммо Килюнендин жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн.

Роза Отунбаева скандинавиялык өлкөлөрдүн сунушун кабыл алып, Эл аралык көз карандысыз комиссия менен Кыргызстанда жакында түзүлгөн Улуттук комиссиянын биргелешип иштөө зарылчылыгы бар экенин белгилеген.

19-июль: Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУ 52 полициясын жөнөтөт


Бул маселе боюнча акыркы чечим 22-июлда кабыл алынарын ЕККУнун чыр-чатактарды чечүү боюнча борборунун жетекчиси Херберт Зальбер 16-июлда Алматыда маалымат жыйынында билдирген.

Президент Роза Отунбаева ЕККУнун куралсыз 50 полициясы келип, кыргыз-өзбек ортосунда чыр-чатактын мындан кийин дагы кайталанбасына, адам укуктарын сактоого, милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдын сакталышына жардам берип, мониторинг, кеңеш жана тренинг өткөрөрүн билдирген.

Ошто эл аралык полицияны киргизбөөнү талап кылышты

Ош шаарындагы борбордук аянтка чогулган элүү чакты киши Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизбөөнү бийликтен талап кылышты.


22-июль: Бишкекте эл аралык полицияга каршы митинг өттү


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициячыларын Кыргызстанга киргизүүгө каршы чыккан митинг өттү.

ЕККУ Кыргызстанга полиция киргизүүнү жактырды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңеши бүгүн Кыргызстанга 52 адамдан турган полициячыларды киргизүү планын колдоду.

Вена шаарындагы жыйында чыгарылган бул чечимге ылайык, аталган куралсыз полициялар Кыргызстандын Ички иштер министрлигине этностор аралык чыңалууларды калыбына келтирүүгө, аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө жардам беришмекчи.

3-август: Акыйкатчы көз карандысыз комиссия түздү



Акыйкатчы Турсунбек Акун өзү жетектеген Акыйкатчы институтунун алдында Кыргызстандын түштүгүндө болгон июнь окуяларын иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түздү. Комиссия 13 кишиден турат. Комиссияга ар кыл этностун өкүлдөрү, анын ичинде өзбек тектүүлөр да кирди. Аталган комиссия иликтөөсүн 30-сентябрга чейин бүткөрмөкчү.

15-сентябрь: Азимжан Аскаровго сот өкүмү чыкты


Базар-Коргон райондук соту тарабынан 13-июнь күнү милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан сегиз кишинин ичинен бешөө үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Алар: укук коргоочу Азимжан Аскаров, Элмурат Расулов, Дилшатбек Розибаев, Исраилбек Абдураимов, Магамадзакир Кучкаров. Булардан тышкары айыпталуучулардын экөө: Шүкүржан Мырзалимов менен Минура Мамадалиева 20 жылга эркинен ажыратылышты. Ал эми Санжарбек Мувлахунов 9 жылга кесилди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыгарылган өкүм адилет чечим эмес деген пикирин “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал өзү башкарган институт аркылуу иликтөө жүргүзгөнүн, ага ылайык А. Аскаров айыпсыз болуп чыккандыгын айтып, ага карата чыгарылган чечим саясий болду деп эсептейт.


10-октябрь: Парламенттик шайлоо


Ош жана Жалал-Абадда добуш берүү чыр-чатаксыз өттү. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, бул күнкү шайлоодо Кыргызстан боюнча эч кандай тартип бузган жагдайлар катталган эмес.

29-октябрь: Кара-Сууда милиция башчысын өлтүрүү боюнча сот өкүм чыгарды


Райондук сот 13-июнь күнү Нариман айлында Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткан беш киши: Азиз Таширов, Мирзахид Салиев, Фахриддин Ашуров, Шахбоз Абдуллажанов, Хасанбай Талиповду өмүр бою, Бахадыр Жороевди жыйырма беш жылга, Абдилазиз Азимовду сегиз жылга, Улугбек Расуловду беш жылга, Мирадил Кучкаровду төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал эми айыпталуучулардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылды. Жабырлануучулар өкүм жеңил болуп калды деп билдиришүүдө, алар жогорку сот бутактарына кайрылышмакчы.


13-июнь күнү Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, старшина Уран Шамурзаев Нариман айлына чатакташкан улуттарды элдештирүү үчүн барган кезинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

30-октябрь: Июнь коогалаңында жабыркаган 100 үй-бүлө жаңы турак-жайлуу болду


Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпы 1 миң 628 үйдүн пайдубалы куюлуп бүтүп, алардын ичинен 1 миң 295инин дубалдары көтөрүлсө, 639унун чатыры жабылуу астында турат. Бүгүнкү күнгө карата 100 үй-бүлө жаңы турак-жай менен камсыз болду. Ош жана Жалал-Абад аймактарында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 132 миллион 205 миң каралып, бул жалпы сметалык сумманын 52 пайыздан ашыгын түзүүдө.


10-ноябрь: Азимжан Аскаров боюнча сот өкүмү өзгөрүүсүз калды


Жалал-Абат облусунун соттук коллегиясы укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана анын жанындагы жети айыпталуучуга карата Базар-Коргон райондук соту 15-сентябрда чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган чечимин чыгарды. Маалым болгондой июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүргөн, башаламандык уюштурган деген айып менен Базар-Коргон райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча райондук соттун өкүмү менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген.

23-ноябрь: Санпа окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны 13-июндагы каргашалуу окуя боюнча өкүм чыгарып, 19 айыпталуучунун 17син үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою абакка кести. Мурда Сузактагы Москва колхозун жетектеп келген Усманжан Аблазов менен дагы бир айыпталуучу Фуркатбек Абдужаборов болсо 25 жылга эркинен ажыратылып, сот булардын да үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүүгө өкүм кылды.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта иштетүүчү Санпа заводунун жанында 500-600 киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларды аткылашкан. Натыйжада он киши мерт болуп, эки адам дайынсыз жоголгон.

29-ноябрь: Ошто ок атышуу болду

Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө күч органдары курал катылган деп шектелген үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылды.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ошто кырдаал туруктуу жана тартип коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгонун, тынчсызданууга негиз жоктугун белгиледи. “Окуя калк жыш жүргөн жерде орун алгандыктан, атышууну уккандар коопсуздугу үчүн кооптонуп, дүрбөлөңгө түштү. Бирок мен бардык кыргызстандыктарды, өзгөчө Ош шаарынын тургундарын кооптонууга негиз жок деп ишендирип кетким келет. Бүгүн болгон окуя – кылмышкерлерди кармоо үчүн жүргүзүлгөн катардагы операция. Учурда кырдаал толугу менен көзөмөл алдында”,-деди Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтышынча, бүгүн кечке жуук Ош базарынын жанындагы үйлөрдүн биринде Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн күчтөрү өлкөнүн аймагында террордук чабуул уюштурууга даярдык көргөн деп шектелгендерди кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Анын жүрүшүндө куралдуу топ каршылык көрсөтүп, атышуулар орун алган. Натыйжада атайын күчтөрдүн эки кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылды. Марат Иманкуловдун маалыматына ылайык, учурда операция жыйынтыкталып, куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, төртүнчүсү өзүн өзү граната менен жардырып алган.


2-декабрь: Июнь окуясын иликтөөчү парламенттик комиссия түзүлдү


Буга макулдугун бүгүн отурумга катышып отурган 113 депутат берди. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бештен өкүл киргизилсин деген сунуш да жалпы депутаттардын макулдугуна ээ болду. Бардык фракциялардын бештен мүчөсү комиссиянын курамына киргизилди.

3-декабрь: Июнь калабасында дарыгерди өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды


Кара-Суу райондук соту июнь калабасында Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касымбек Жусупакматовду өлтүргөн деп айыпталып жаткан Октамжан Сулаймановду мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты. Сот ошондой эле анын эсебинен маркумдун жакындарына 500 миң сом бөлүп берүүнү чечим кылды.
Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды. 44 жаштагы Октамжан Сулайманов мурда соттолгон эмес. 16-июнда Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касымбек Жусупакматовду белгисиз бирөөлөр күч менен алып кетишкен. 30-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан табылган бир нече өлүктүн ичинен К. Жусупакматовдун сөөгү аныкталып, дарыгер башына жана көкүрөгүнө жеген октон курман болгону тастыкталган.

18-декабрь: “Кылым шамы” борбору июнда набыт болгондордун тизмесин жарыялады


Аталган борбор өз жыйынтыгын “Июнь окуялары учурунда мерт болгондор: курман болгондорду коргоо боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн жоопкерчилиги” деген ат менен жарыя кылды. Ага ылайык, Ош жана Жалал-Абадда июнь айында орун алган окуяларда көз жумгандардын тизмесине 423 адамдын аты-жөнү кирген. Алардын ичинен 355 адам Ош шаары жана Ош облусунан, 68 адам Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облустарынан болгон. Мындан сырткары өзбек улутундагы 312 адам, 107 адам кыргыз, 4 адам башка улуттан экендиги белгиленет. Ошондой эле мерт болгондордун арасынан 284 адам ок атуучу куралдан каза тапкан. Борбордун маалыматына ылайык, июнь окуялардын эң жаш курмандыгы бир жыл алты айлык Одинахон аттуу кыз болгон. Азиза Абдрасулова белгилегендей бул алдын ала маалыматтар, тизмелер жаңы маалыматтар менен толукталышы мүмкүн.


11-январь: Улуттук комиссия ишин жыйынтыктады


Июнь окуяларынын чыгуу себептерин иликтеген Улуттук комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрдү. Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаевдин билдиргенине караганда, алар түштүктөгү былтыркы улут аралык жаңжалдын тутанышынынын бир нече себеби бар деген бүтүмгө келген.

Ал себептердин катарында Абдыганы Эркебаев алмашуудан кийинки бийликтин алсыздыгын жана мындай кырдаалдан ар кандай күчтөрдүн, “анын ичинде өзбек улутунун айрым лидерлеринин” пайдаланып калуу, "өз иштерин чечүү аракети" болгонуна, бул өз кезегинде кыргыздардын кыжырдануусун жаратканына токтолду.

Жаңжалдын тутанышына шыкакчы болгон өзбек лидерлери катары комиссия төрагасы мурдагы депутаттар: Кадыржан Батыров, Жалалидин Саллахудинов, Иномжон Абдурасуловдун ысымдарын атады. Ага катар Улуттук комиссия күн мурунтан белгилери болгонуна карабай, жаңжалды өз учурунда алдын алалбаганы үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөт да жоопкер деп эсептейт.

Андыктан комиссия азыркы саясий жетекчиликке жаңжал учурунда Убактылуу өкмөттө күч структураларын тейлеген же жетектегендер: Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Болот Шердин, Ош, Жалал-Абад облусунун губернаторлорунун, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суунун шаар мэрлеринин, кээ бир акимдердин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени карап көрүүнү сунуштаган.

Комиссиянын басма сөз жыйынында түштүктөгү кагылышта 426 адам өлгөнү, алардын 381 таанылганы, булардын ичинен 276сы өзбек, 105и кыргыз экени айтылды.

19-январь: Парламент Улуттук комиссиянын иликтөөсүн талкуулады


Жогорку Кеңеште түштүктөгү июнь коогасын иликтеген улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев комиссиянын иликтөөсү боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандары Өзбекстан ислам кыймылы, Бириккен тажик оппозициясы жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен өткөн жылдын май айында Тажикстандын аймагында жолугушуп, бири-бирине жардамдашуу тууралуу макулдашкан. “Алар ошол кезде Ошто жана Жалал-Абадда деструктивдүү күчтөрдүн жанданышы үчүн жакшы жагдай түзүлдү деп эсептешкен, Кыргызстандагы кырдаалды курчутуп, улуттар жана дин аралык жаңжалдарды тутандыргысы келген”, дейт А. Эркебаев.

20-январь: Депутаттар Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган токтомго ылайык, июнь окуяларын иликтеген комиссиянын корутундусу маалымат катары кабыл алынат. Анын материалдары депутаттык комиссиянын ишинде да колдонулат. Мындан тышкары Улуттук комиссия президенттин жарлыгы менен түзүлгөндүктөн, анын жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди президент Роза Отунбаева кабыл ала турган болду. Ал эми эл өкүлдөрү июнь окуясы иликтей баштаган депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкканда бул маселеге кайра кайтып келишмекчи.


26-январь: Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызы каралууда


Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызы Жогорку Сотто териштирилип жатат. Аскаровго Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деп айыптар коюлуп жатат. Укук коргоочу өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

8-февраль: Аскаровдун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Жогорку Сот соттолуучу Азимжан Аскаровдун адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, сот ишин белгисиз мөөнөткө жылдырды. Өткөн сот жараянында адвокат Нурбек Токтакунов Азимжан Аскаров кармалган жайдын шартын текшерүүнү өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Адвокаттын өтүнүчүндө келтирилген жагдайлар боюнча Жогорку сот Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматына расмий кат менен кайрылат. Иликтөө иштери бүтмөйүнчө, ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

3-май: Эл аралык комиссия корутундусун жарыялады


Эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирди. Бирок айрым жагдайларды адамгерчиликке каршы кылмыш деп баалоого болорун айтты. Эл аралык комиссия 700дөй интервьюну, документтерди окуп, миңден ашык сүрөттөрдү иликтеген экен. Килюнен этностор аралык кагылышка алып келген окуялар 7-апрелден кийин башталганын, анткени ошол убакта өлкөдө саясий боштук пайда болгонун, ушундан улам кээ бир өзбек тектүү лидерлер өзбек коомчулугун жандантып, чечим кабыл алууга аралаштырууга далалат жасаганын белгиледи.

12-май: ЖК комитети эл аралык комиссия отчетуна баасын берди


Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусу боюнча билдирүү таратты. Анда аталган комитет Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын отчету Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтире турган документ катары баалаганы айтылат. Ошондой эле Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети жакын арада өкмөттү жана президенттин аппаратын отчет боюнча Жогорку Кеңеште комментарий берүү сунушун киргизди. Билдирүүдө комитет эл аралык комиссиянын өлкө аталышын “Республика Кыргызстан” деп атоо сунушун киргизүүсүн чекилик деп баалады.

26-май: Жогорку Кеңеш Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салды


Парламент жыйынында июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссия корутундусун юридикалык күчү жок документ катары таануу чечими кабыл алынды. Отчет депутаттар тарабынан Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтире турган, тараптарды элдештирбестен кайра козута турган бир тараптуу, дыкат иликтөөгө алынбаган деп таанылды.

Жогорку Кеңеш депутаттары тийиштүү органдарга кайрылып, “Тышкы миграция” мыйзамына ылайык июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салды.

Депутаттар Килюненди эл аралык коомчулукка өлкөнүн түштүгүндөгү былтыркы коогалуу окуялар боюнча так маалымат бербегени үчүн айыптап жатышат.

Килюнен кыргыз парламентинин чечимине өкүндү

Бул тууралуу июнь коогасынын иликтөөгө алган эл аралык комиссия жетекчиси Киммо Килюнен өзү “Азаттыкка” билдирди. Килюнен анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган Жогорку Кеңеш токтому боюнча өкүнүчүн билдирип, өлкө үчүн жардам гана бергиси келгенин айтты. “Эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ жана Евробиримдик, Орусия, АКШ биздин корутундуну колдоп, объективдүү болгонун айткан” – деди ал. Килюнен Кыргызстан тарап менен диалогго ачык экенин айтып, бул боюнча алдыңкы күндөрү атайын кайрылуу менен чыгаарын ачыктады.


2-июнь: Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын тыянагын уга баштады


Жогорку Кеңеш июнь коогасы боюнча депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулоону баштады. Ага убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана шаар жетекчилери катышууда. Депутаттар коога боюнча депутаттык комиссия бүтүмүн талкуулоого президент Роза Отунбаева менен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин келишин сурашты.

Мамытов: Батыров июнь коогасын уюштурганга 100 миң доллар которгон

Бул тууралуу июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ватан - Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров 2010-жылдын 18-майында “Жалал-Абад АНД” ишканасынан Азамжан Акбаров деген адамды чакырып, июнь окуясын уюштурганга БТА банк аркылуу 100 миң доллар жөнөткөнүн билдирген. Акча Ошко которулганын, мындай маалымат комиссияга эки күн мурда берилгенин комиссия төрагасы кошумчалады.

Мамытовдун айтымында, мындай маалыматты алгач ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК жана Каржылык чалгындоо кызматы тастыктаган эмес.

3-июнь: Кытайга жиберилген ДНК үлгүсүнүн жетөө аныкталды


Аты-жөнүн тактоо үчүн Кытайга жиберилген ДНКнын жетөө аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди. Эми тергөө органдарынын уруксаты менен бул сөөктөр туугандарына кайтарылат. Аты-жөнү такталбаган сөөктөр атайын сактоодо кала бермекчи. Буга чейин Москвада да ДНК анализи жүргүзүлүп, анда 12 жасаттын аты-жөнү такталган. Өткөн жылкы июнь коогалаңында, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Мындан сырткары 33 адамдын жасаты тааныла элек эле. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат.

9-июнь: Жогорку Кеңеш коога боюнча токтом кабыл алды


Парламент коога боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алды. Токтомдо июнь коогалаңынын чыгышына "сепаратисттик маанайдагы Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов, Жалалиддин Салахуддиновдер күнөөлүү" деп белгиленген.

Башкы прокуратурага Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө этнос аралык жаңжалды алдын албай калгандыгы үчүн укуктук баа берүү милдети жүктөлдү. Президент менен өкмөт башчыга коомдук коопсуздук жана тартип үчүн жооп берген министрлик, ведомстволордун башчыларынын орун басарларын, шаардык мамлекеттик структуралардын жетекчилерин жана Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кызматтан алуу сунушу берилди.

Өкмөткө айрым министрлик, ведомстволорду этабы менен Ошко көчүрүү маселесин кароо тапшырылды. Депутаттар Дин иштери боюнча агенттикти, Баңги затын көзөмөлдөөчү агенттикти, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттикти, Ички аскерди жана президенттин иш ордун Ошко көчүрүү үчүн добуш беришти.

Башкаруу органдарына дайындоолордо элдин полиэтникалык курамын эске алуу айтылды. Ошто ИИМдин орто мектебин ачуу зарылчылыгы колдоого ээ болуп, июнь коогасынын кайталанышына жол бербөөчү чаралар бекитилди. Токтомду аткаруу мөөнөтү 3 ай деп бекиди. Бул мөөнөт аяктаган соң өкмөт парламент койгон талаптарды аткаруу боюнча программаны бериши керек.

XS
SM
MD
LG