Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Португалияда социалисттер жеңилгенин моюнга алышты


Социалисттик партиянын жетекчиси, өкмөт башчысы Хозе Сократес партиянын төрагалыгынан кетээрин жарыялады. Алдын-ала эсептөөгө караганда, кечээ, жекшембидеги добуш берүүдө социалисттер оңчул-борборчул социал демократтардан жеңилип калды. Португалия еврозонада Греция менен Ирландиядан кийинки чукул жардам ала турган үчүнчү өлкө. Европа Союзу менен Влаюта кору өлкөгө 78 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүүдө. Ал үчүн өкмөт чыгымдарды жана социалдык программаларды кескин чектөөгө тийиш болот. Португалияда азыр жумушсуздук акыркы 30 жылдагы эң жогорку чекке жетти.

XS
SM
MD
LG