Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ошто 9-10-июнь күндөрү оюн-зоокко тыю салынды


Шаар мэри Мелисбек Мырзакматовдун буйругу менен июнь коогасынын бир жылдыгына байланыштуу Ош шаарында эки күнгө оюн-зоок курууга тыю салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Буга чейин шаарга паспортук тартип киргизилгени маалым.

Өткөн жылкы июнь коогалаңында Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Ош жана Жалал-Абад облустарында 427 адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. 21 адамдын жасаты тааныла элек. (EK)

XS
SM
MD
LG