Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

БУУнун жетекчиси экинчи мөөнөткө калгысы келет


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Бан Ки-Мун бул тууралуу Нью-Йорктогу маалымат жыйынында жарыялады:

- Бүгүн эртең менен мен Баш жыйындын жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө БУУнун баш катчылыгына экинчи ирет талаптануу ниетим бар экенин өтүнгөн кат жолдодум. Эгер мүчө мамлекеттер колдосо, дагы бир мөөнөт кызмат өтөө мен үчүн зор сыймык болот.

Түштүк Кореянын мурдагы тышкы иштер министринин БУУнун жетекчилигиндеги кызмат мөөнөтү 31-декабрда бүтөт. БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн экөө - Кытай менен Франция Бан Ки-Мунга толук колдоо билдиришкен.

XS
SM
MD
LG