Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Алматыда Павлюктун өлүмү боюнча сот иши башталды


Көз карандысыз журналист, Рустам Ибрагимбек деген каймана ат менен жазып жүргөн Геннадий Павлюк 2009-жылдын этегинде Алматыда алтынчы кабаттан колу-буту байланган абалында ыргытылып, алты күн ооруканада жатып көз жумган.

Кечээ Алматыдагы угууда айыпталгандардын бири, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов өзүнө тагылган айыпты четке кагып, муну "саясий иш" деп баалады.

Ал өзүн Палвюктун өлүмүнөн саясий упай токтогусу келген Кыргызстандагы саясий топтун курмандыгы болуп жатам деп ырастап, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн соттолушуна кызыкдар экендигин билдирди.

Текебаев "Азаттыкка" Исманкуловдун ырастоосу негизсиз экендигин айткан. Дагы эки айыпталуучу, казак жарандары Алмаз Игиликов менен Шалкар Оразалин бүгүн сурак беришет. Казакстандык тергөөчүлөр Павлюктун өлүмүн катардагы кылмыш иши деп мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG