Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Банктагы уячалардан алынган каражаттар текшерилет


Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына тиешеси бар делип, Улуттук банктын уячаларынан алынган каражаттардын кайда колдонулганын текшерүүгө алат. Ал эми Борбордук казыналыктарда документтик текшерүү жүргүзүү тапшырмасы Эсеп палатасына тапшырылды. Анын жыйынтыгына байланыштуу Башкы прокуратура чечим чыгарат. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы кабарлады.

7-апрелден кийин банк уячаларынан ээси аныкталбаган 21 миллиондон ашык доллар алынганы кабарланган. Бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт анын 1,5 миллионго жакыны былтыр жайдагы оор кырдаалды жөнгөрүүгө жумшалганын билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG