Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Беларус калий өндүрүүчү ишканасын сатууга камынууда


Маалыматтарга караганда, Беларус өзүнүн эң кымбат баалуу мүлкү “Беларускалий” ишканасын сатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Америкалык Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, “Беларускалийге” дүйнөдө өндүрүлгөн калий жер семирткичинин үчтөн бир бөлүгү туура келет жана анын наркы 20 миллиард долларга чейин бааланышы мүмкүн.

Ишкананы сатып алуучулар арасында Кытай менен Орусиянын инвесторлору бар. Бирок “Беларускалийдин” жана анда үлүшү бар мамлекеттик “Белнефтехим” корпорациясынын расмий өкүлдөрү жогорудагы маалыматты комментарийлөөдөн баш тартышты.

Каржылык каатчылыкка кабылып, улуттук акчасы девальвацияланган Беларус учурда бир нече миллиард доллар насыя алуу үчүн Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өткөн ишембиде Орусия башында турган ЕврАзЭс уюму Минскиге 3 миллард доллар насыя берүүгө макул болду. Ал насыянын шарттарына ылайык, беларус өкмөтү колундагы мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө баруусу керек.

XS
SM
MD
LG