Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Отунбаева ЕККУнун Туруктуу кеңешинин жыйынына катышты


Президент Роза Отунбаева ЕККУнун Туруктуу кеңешине катышып, сөз сүйлөдү. “Элчилердин алдында президент Отунбаева өткөн жылдын 7-апрелинен тарта өлкөдөгү демократиялык иш аракеттер, июн коогалаңынан кийинки абалды оңдоо чаралары жөнүндө кеңири айтып берди”, - деп билдирди "Азаттыкка" Венадан президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров.

Президент Отунбаева “эл аралык комиссиянын баяндамасы саясий күрөштүн куралына айланганын” да белгиледи.

Андан кийин Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Канада, Беларустун элчилери чыгып сүйлөп, Кыргызстандын жетекчилигинин коомду демократиялаштыруу, ачык-айкын, мамлекеттик башкаруудагы кадамдарына колдоо билдиришти.

Ушул эле күнү президент Роза Отунбаева Австриянын парламент төрагасы менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташууну чыңдоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

6-июнда президент Отунбаеванын эки күндүк расмий сапары Венгрия Республикасында башталган. Андан кийин Р.Отунбаева башында турган кыргыз делегациясы Австрияда эки күндүк сапарда болуп, 9-июнда Ош шаарына учуп кетти.

XS
SM
MD
LG