Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Кыргызстан - ОПЕК: жаңы келишимге кол коюлду


Венада Кыргызстан ОПЕК (Кара май өндүрүүчү өлкөлөр уюму) менен 7.4 миллион долларлык келишимге кол койду.

"Кыргызстандагы Бишкек - Торугарт жолун оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүү максатында 7.4 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Ага ОПЕК уюмунун жетекчиси менен кыргыз тараптан каржы министри Мелис Мамбетжанов кол койду", - деп билдирди "Азаттыкка" президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров.

8-июндан тарта президент Роза Отунбаева жетектеген кыргыз делегациясы эки күндүк иш сапар менен Венада болду. Иш сапар маалында делегация мүчөлөрү жогорку даражадагы бир катар жолугушууларды өткөрдү.

XS
SM
MD
LG