Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Ташиевдин жактоочулары митингге даярданып жатат


Аймактык кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда Жалал-Абад шаарында облусттук администрациясынын алдына Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жактоочулары эки, темир жол бекетинин жанына бир боз үй тигип жатышат. Алар Ташиевге каршы кылмыш ишинин козголушун, Башкы прокуратуранын парламентке депутаттын кол тийбестигин алуу тууралуу өтүнүч жөнөтүшүн саясий буйрутма деп атап, келаткан дүйшөмбүдө мөөнөтсүз нааразылык жыйын өткөрүүгө камынууда.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Ташиевдин маселеси боюнча комиссия түзүлгөн болчу. “Ата Журттун” лидери “бирөөнүн саламаттыгына атайлап оор залал келтирген” деп айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG