Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Аба ырайы: шашылыш кабар


17-21-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстанда тоолуу жана тоо этектеген аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

18-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу.

Бишкекте 18-июнда ала булут каптап турат. Түндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17... 19, күндүз 29... 31 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG