Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Төлөгөн Касымбековду акыркы сапарга узатуу


Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы бүгүн саат ондо Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болду. Ага бир катар бийлик өкүлдөрү, маркумдун жакын туугандары, жазуучулар, журналисттер, окурман замандаштары катышты.

Маркумдун сөөгү Бишкектин чет жакасындагы Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө ушул саатта коюлган жатат.

Төлөгөн Касымбеков 10-июнда кечинде кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн. Жазуучунун абалы жакшырбай 16-июнда каза болгон. Касымбеков “Сынган кылыч”, “Келкел” өндүү бир катар тарыхый романдардын автору. Ага 2006-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG