Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Шашылыш эскертүү: Сел жүрүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 19-21-июндарда Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

19-июнда Кыргызстандын көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 7…12 градус болоору күтүлүүдө.

Бишкекте ала булут каптап турат, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 26…28 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG