Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Парламенттеги бири-бирине добуш берүү ыкмасы айыпталууда


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы парламентте депутаттардын бири-бирине добуш берүү тажрыйбасын тыйууну өтүнүп, Жогорку Кеңештин төргасы Ахматбек Келдибековго кайрылуу катын жолдоду. Аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова муну менен депутаттар Конституцияда көрсөтүлгөн норманы одоно бузуп жатат деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, коалиция жер-жерлерде “Парламент шайлоочулардын көзү” менен деп аталган жыйындарды өткөрдү. Ал жыйындарда айрыкча депутаттардын бири-бирине добуш бериши кыжырдануу жаратып жатканы айтылган.

Буга чейин парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын башчы Киммо Килюненди киргизбөө тууралуу чечим кабыл алып жаткан чакта өзү жокто добуш берип салышканын айтып чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG