Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Ай Вэйвэй уруксатсыз чыга албайт


Кечээ камактан бошотулган кытайлык сүрөтчү-диссидент Ай Вэйвэй уруксатсыз үйүнөн чыга албайт. Кытай бийлигинин тастыктаганына караганда Вэйвэй күрөөнүн негизинде бошотулду, бирок тергөө уланып жаткандыгына байланыштуу уруксаты жок, эркин жүрө албайт. Сүрөтчү салык жашырган деген кине менен апрелде камалган. Укук коргоочулар муну саясий себепке байлап келатышат. Вэйвэй Кытайдын саясий системасын сынга алган сүрөтчү катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG