Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Президент БШК мүчөлүгүнө талапкерлерди жакын арада аныктайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө башчысы Роза Отунбаева бейөкмөт уюмдарда иштеген, парламенттик шайлоодо мөөрөйгө жетпей калган саясий партиялардын тизмесиндеги жана БШКнын мурдагы курамына кирген адамдардын арасынан талапкерди карап жатат. Тандалган 4 талапкердин ысымы "БШК тууралуу" мыйзамга кол коюлгандан кийин белгилүү болот.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги фракциялар БШК курамына 8 талапкерди бекиткен. Алар: Гүлнара Журабаева, Канатбек Абдыкадыров, Туйгунаалы Абдраимов, Абдыжапар Баялинов, Рашид Бекбасаров, Айнура Шайымкулова, Нурмамат Ашымов жана Ишенбай Кадырбеков. (EK)

XS
SM
MD
LG