Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

БУУ Ооган парламентарийлерин сабырдуулукка чакырды


Бириккен Улуттар Уюму Ооган парламентин өлкөдөгү саясый кризисти тереңдетчү кадамдардан качууга чакырды. Парламентарийлерге атайын трибуналдын 62 депутаты добуштарды бурмалоо менен шайланган деп, мандаттарын тапшырып берүүгө чакырганы жаккан эмес. Төмөнкү палатанын мүчөлөрү өткөн жумада БУУнун атайын чабарманы Стеффан де Мистурага кат жөнөтүп, кырдаалга кийлигишүүгө, болбосо элди көчөгө чыгарарын эскертишкен. Трибунал былтыркы парламенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктарды текшерүү үчүн президент Карзайдын жарлыгы менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG