Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:52

Эл аралык сот Каддафини камоого өкүм чыгарды


Эл аралык кылмыш соту Ливиянын лидери Муаммар Каддафи камакка aлынсын деп чечти. Сот Каддафини анын бийлигине каршы көтөрүлгөн козголушка катышкан адамдарды атууга буйруду жана адамзатка каршы кылмыш жасады деп күнөөлөдү. Эл аралык сот Каддафинин уулу Саиф ал-Исламды жана чалгындоо кызматынын башчысы Абдулла ас-Сенусини бийликке каршы адамдарды өлтүрдү жана куугунтуктады деп, экөөнү тең камакка алуу жөнүндө өкүм чыгарды. НАТОнун авиациясы козголоң чыккан аймактардын карапайым элини коргоого алганы менен өз ара согушта миңдеген адамдар набыт болгону айтылууда.

НАТО Ливиянын аба мейкиндигин учууга жабык зона деп камсыздоо боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын аткара баштаганына 27-июнда 100 күн толду.

XS
SM
MD
LG