Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Kенеге чактырып кайрылгандар кескин көбөйдү


Ушул жылдын беш айында Кыргызстанда кенеге чактырган 640тай адам медициналык жардам сурап кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, бул былтыркы жылга караганда 1,5 эсе көп.

Бишкекте кене энцефалит вирусу 2 адамда табылган. Бул вирус мээни бутага алып, оор психоневрологиялык ооруларга жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Кыргызстанда кенеге Ала-Арча, Кегети капчыгайларында эс алгандар көбүрөк чактырып алышат.

Адистер сейилге чыкканда дененин ачык жерлерин жаап, кечинде териге кене жабышып калбаганын текшерип турууну кеңеш беришет.

XS
SM
MD
LG