Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Текебаев: Президент бардык саясий интригалардан жогору болуш керек


“Президент Роза Отунбаева таза шайлоо өткөрөм десе, саясий интригадан жогору болуп, бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакыруусу керек. Президент Шайлоо жана БШК тууралуу мыйзамдарга кол коюп колдогондун ордуна саясий оюн кылып, БШКга өз атынан талапкер катары Акылбек Сариевди көрсөтүүдө. Бул адам "Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзамды тааныбай тургандыгын айтып, ал кабыл алынса күздө согуш болот деген. Мыйзам менен иштебейм деген адамды Отунбаева БШКга алып келем деп атат”, - деди “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Депутат “кичинекей чиновник бирөө дымактап турбаса ушундайды айта алат беле?” деп суроо салып, Акылбек Сариевдин артында депутаттарды зекип аткан күч бар экендигин айтты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Жогорку Кеңеш маанилүү мыйзамдардын башында туруп, учурда реформанын лидери болуп жатканын баса белгиледи. (EK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG