Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Жергиликтүү соттор түзүмү тууралуу мыйзам жактырылды


“Жергиликтүү соттор түзүмүн бекитүү жана жергиликтүү сотттордун штаттык саны тууралуу" мыйзамды Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды. Баяндамачы депутат Садыр Жапаровдун айтымында, бул мыйзамга ылайык жергиликтүү соттордун штаттык саны мурунку тейден калат. Депутаттардын сунушу боюнча биринчи баскычта райондук сотторду бекитүү чечими кабыл алынды. Себеби бул инстанцияда жалпы соттордун 75% кызмат аркалашат. Мындан кийин облустук жана аскер сотторун бекитүү жүрөт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, 15-августка чейин Жогорку Кеңеш Жогорку Сот талапкерлерин карап, 17-августка кезексиз сессияда аларды бекитиши керек. (EK)

XS
SM
MD
LG