Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

АКШда ЦРУнун жаңы директору бекитилди


Дэвид Петреус
Дэвид Петреус
Өлкө Сенаты бул кызматка президент Барак Обама тарабынан сунуш кылынган генерал Дэвид Петреусту бекитти. 58 жаштагы Петреус соңку кездери АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы аскерлерине командачылык кылып келген. Ал эми Борбордук чалгын кызматын башкарып келген Леон Панетта эми Коргоо министрлиги – Пентагонду жетектейт.

Кечээ Пентагондо президент Обаманын катышуусунда 68 жаштагы Роберт Гейтсти коргоо министринин кызматынан узатуу каадасы өттү. Соңку 40 жыл ичинде сегиз президенттин астында иштеген Гейтсти Обама АКШнын эң мыкты коргоо министирлеринин бири деп атады жана президенттин Эркиндик медалы менен сыйлады.

XS
SM
MD
LG