Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

“Бүтүн Кыргызстан” кыргыз жарандарынын укугун коргоону талап кылды


“Бүтүн Кыргызстан” партиясы өкмөткө кайрылуу жолдоду. Анда соңку кездерде Орусиянын Москва шаары жана Москва районунда курулушта иштеген кыргыз жарандарынын ар кандай кысымга жана талап-тоноочулукка дуушар болуп жатканы, буга чейин жабыркаган жарандар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, жооп ала албаганы жазылган.

“Бүтүн Кыргызстан” Орусиядагы кыргыз жарандарынын укугун коргоп, жоопкерчилик менен мамиле жасоону өкмөттөн талап кылат. Алар кайсы жакта жашап, иштесе да Кыргыз бийлиги тарабынан коргоого алынып турушу керек”, - деп айтылат партиянын кайрылуусунда.

Мындан мурда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Орусияда кыргызстандыктарга башка улут өкүлдөрүнөн кысым болуп жатканын белгилеп, ага элчиликтен чара көрүлбөй жатканын сындаган.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 300дөн 500 миңге чейин кыргызстандык эмгектенет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG