Линктер

дүйшөмбү, 27-февраль, 2017 Бишкек убактысы 08:06

Бүгүн Ян Фишерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот


Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу, өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Ян Фишерди акыркы сапарка узатуу зыйынаты бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера балет театрында болот. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылына коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашты.

Ян Фишер 2010-жылдын июнь айынан тарта Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Ал 1-июлда каза болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG