Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Индиянын коргоо министри Кыргызстанга келет


Индиянын коргоо министри Араккапарамбил Куриан Энтони башында турган делегация 4-6-июль күндөрү Кыргызстанда расмий иш сапар менен болот. Араккапарамбил Куриан Энтони бул иш сапары алкагында кыргыз коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков жана тышкы иштер министри Руслан Казакпаев менен жолугушууларды өткөрөт. Индиянын коргоо министри Кыргызстанда кыргыз-индия биргелешкен био-медициналык илимий борбордун ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары Бишкектеги трансулуттук “Дастан” ишканасында, Ысык-Көл облусундагы “Улан” акционердик коомунда, Төө-Ашуудагы ден соолукту чыңдоочу бийик тоолуу клиника-физиологиялык базада болот.

Эртең индиялык делегация перзидент Роза Отунбаеванын кабылдоосунда болоору күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG