Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

Сотторду тандоо кеңешине Нарымбаевдин талапкерлиги жылдырылууда


Социал-демократтар фракциясы Сотторду тандоо кеңешине өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Данияр Данияр Нарымбаевдин талапкерлигин жылдырууда.

8-июлда Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, Сотторду тандоо кеңешин бекитип, БШКнын калган 2 мүчөсүн шайлашы күтүлүүдө.

Нарымбаев 1-июлдан тарта өз арызы менен кызматынан кеткени маалым болду.

Өткөн бейшемби күнү парламенттин акыркы жыйыны өтүп, анда сотторду тандоо кеңеши бекибей калган. Парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров талапкерлерди көрсөтүүдө коррупциялык аракеттер болуп жаткандыгын белгилеген. (EK)

XS
SM
MD
LG