Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

БШКнын эски жана жаңы курамы тирешүүдө


БШКнын Акылбек Сариев жетектеген курамы.
БШКнын Акылбек Сариев жетектеген курамы.

4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын эски жана жаңы курамдарынын ортосунда карама-каршылык чыкты. Соңунда БШКнын жаңы курамы өзүнүн төрага катары Туйгунаалы Абдраимовду шайлап, расмий түрдө ишке киришкенин жарыялады.

Бул жагдайды БШКнын мурдагы курамынын төрагасы Акылбек Сариев мыйзамсыз аракет катары баалап, расмий түрдө алардын ыйгарым укуктарын эч ким токтотпогонун жар салды. Ал ортодо президент Роза Отунбаева да Боршайкомдун жаңы курамы эки башка мыйзам менен шайланып калганын сындап чыкты.

БШКнын жаңы курамы ишин баштады

Боршайкомдун Акылбек Сариев жетектеген курамы белгилеген бүгүнкү отурумга жаңы шайланган курамдын да келиши карама-каршылыктарды жаратты. Эрте келип жыйындар залынан орун алган жаңы курам залды бошотуудан баш тартканда, Сариевдин командасы сыртка чыгууга аргасыз болду.

Жаңы курамдын тогуз өкүлү президент тарабынан сунуш кылынып, парламентте колдоо тапкан Жаркын Бапанованы эң улуу деп таап, анын жетекчилиги астында комиссиянын алгачкы отурумун баштоону колдоп добуш беришти. Бапанова өзү каршы добуш бергенине карабастан, көпчүлүктүн добушу менен биринчи отурум ачылды деп белгиленди:

- Отурумга катышып жаткан тогуз кишинин ичинен сегизи макул, бирөө каршы. Демек көпчүлүктүн добушу менен болду.

Андан соң жаңы курам төраганы шайлоо менен алек болду. Талапкер катары Ишенбай Кадырбеков менен Туйгуналы Абдраимов көрсөтүлүп, эки айлампанын жыйынтыгы Абдраимовдун пайдасына чечилди.

Эки тарап тең өз аракеттерин мыйзамдуу деп эсептейт

Мына шайлоонун аягында чыр-чатак чыгарууну каалаган талапкер ушул маселени көтөрүп чыкса болот. Мобу БШКнын курамы туура эмес түзүлгөн, жарымы эски мыйзамдын, жарымы жаңы мыйзамдын негизинде деп. ...
Ал арада БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев журналисттерге маалымат берип, жаңы курам мыйзам бузуулар менен шайланганын айтып, алардын мындай шашылыш аракетин жогору жактан берилген көрсөтмө катары сыпаттап чыкты. Мындан тышкары “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамда президенттик шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгүн БШКнын өзү жетектеген курамына бере турган жобо бар экендигин да кошумчалады:

- Шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин, иштеп жаткан шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү шайлоо кампаниясы бүткөнгө чейин узартылат деген мыйзамдын жобосу бар. Эгер ошол мыйзамдын жобосу иштебейт дешсе, анда өздөрү билишсин. Эгер иштейт десе, анда мыйзамды ишке ашырышыбыз керек. Анан келип эле отурумду ачып койсок, кетип калат деп, мындай чала сабат менен чала окуп, иш кыла берсек алыс жакка барбайбыз.

Мындан тышкары Акылбек Сариев, 30-июндагы БШК мүчөлөрүн шайлоодо парламент отурумуна баары болуп 101 депутат катышканын далил кармап, алардын жарымынан көбү анын талапкерлиги үчүн добуш берди деп, аны өтпөй калды деген жалпы чечим мыйзам боюнча туура эмес болуп калгандыгын билдирди. Деген менен төрагалык кызмат үчүн жан урбай тургандыгын, эгер парламенттин алдыдагы кезексиз отурумунда шайланып калса да иштебей турганын ачыктады.

Сариевдин мындай сындоолоруна БШКнын жаңы курамынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жооп берип, жаңы курам мыйзамдын негизинде шайланганын, биринчи отурумдун башталышы менен буга чейинки комиссиянын иши токтогонун ачыктады.

Ишенбай Кадырбеков
- Азыркы шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин шайлоосун, референдумду жана кезексиз президенттик шайлоо өткөргөнгө шайланышкан болчу. Алардын функциясы бүттү, баарын аткарышты. Бирок Конституцияда жазылган. Жаңы курам Конституциянын негизинде шайланып келгенге чейин эски курам иштейт деп. Биз Конституциянын талабынын негизинде, президент тараптан, оппозиция тараптан, коалициялык көпчүлүк тараптан шайланып келдик. Биринчи отурумду өткөрдүк. Ушу өткөргөн сааттан баштап, мурунку шайлоо комиссиясынын иштөөгө укугу жок.

БШК курамы чыр-чатактын булагына айланабы?

Ал ортодо президент Роза Отунбаева “Биринчи радиого" берген интервьюсунда, БШКнын жаңы мүчөлөрү эки башка мыйзам менен шайланганын, бул келечекте ар кыл талаш-тартыштарга алып келиши мүмкүн экендигин билдирип чыкты:

Роза Отунбаева
- Мына шайлоонун аягында чыр-чатак чыгарууну каалаган талапкер ушул маселени көтөрүп чыкса болот. Мобу БШКнын курамы туура эмес түзүлгөн, жарымы эски мыйзамдын, жарымы жаңы мыйзамдын негизинде деп. Мен буга көз жума албайм. Ошондуктан мен айтат элем. Биздин дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Булардын баарын мыйзам чегинде жүргүзүшүбүз керек.

Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясынын айланасында эки тарап тирешип жаткан чагы. Бул маселе парламенттин 8-июлга белгиленген кезексиз жыйынында бир жаңсыл болоору да айтылууда.

Талдоочу Кубат Кожоналиев Боршайкомдун тегерегиндеги соңку кырдаалга мындай баасын берди:

- Мыйзам жагынан алганда жаңы курам иштеп башташы керек. Бирок парламент дагы эки мүчөнү шайлаган жок. Ошону үчүн эски курам ишти баштай берип, жаңы курамга эки киши шайланганда ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.

24-июнда Жогорку Кеңеш Боршайкомдун парламент тарабынан көрсөтүлгөн сегиз мүчөсүн шайлаган. 30-июндагы отурумунда президент БШКнын мүчөлүгүнө төрт талапкерди сунуштап, алардын ичинен экөө гана депутаттардын колдоосуна ээ болгон. Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында буга чейин БШКнын төрагасы болуп келген Акылбек Сариев шайланбай калган. Ишемби күнү Сариев жетектеген БШК курамы 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого расмий даярдык башталганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG