Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Бостериликтер милиция менен болгон жаңжалды ырбатпоону чечти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көлдөгү Бостери айылынын тургуну, аймактагы акыйкатчынын өкүлүнүн кеңешчиси Чынар Молдошева билдирди. Анын айтымында, айылдын тургундары бүгүн эртең менен чогулуп, кечээки окуяны талкуулап, көлгө келген эс алуучуларды чочутуп албоо үчүн ишти ырбатпоону чечишти. Молдошеванын айтымында, кечээ жергиликтүү балдар менен милициянын ортосундагы жаңжал мастыктан улам болгон. Молдошева балдар да, милиция кызматкерлери да кызымтал болгон деп билдирди.

Ички иштер министрлиги кечээки окуяга кызматкерлери ичип алып барган деген маалыматты төгүндөп жатат.

Кечээ кечке жуук Бостеридеги “Асыл-Таш” пансионатында акча өндүрүп жатат деп шектелген жергиликтүү балдар менен милиция кызматкерлери мушташа кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлери курал колдонуп, эки бала октон жаракат алып ооруканага жаткырылды. ИИМ жергиликтүү балдар милицияга кол көтөргөндүктөн тартип коргоо органдары курал колдонууга аргасыз болгон деп билдирүүдө. Учурда бул факт боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG