Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Сотторду тандоо кеңешинин курамы комитетте жактырылды


Парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитети бүгүнкү кезексиз жыйынында Сотторду тандап алуу кеңешине мүчө болчу 24 талапкерди бекитишти. Натыйжада бул курамга Соттордун кеңеши тарабынан сунушталган 8 талапкер, “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” фракцияларынан төрттөн талапкер кирип, калганын коалициялык көпчүлүктөн сунушталган талапкерлер түздү.

КСДП фракциясы буга чейин көрсөткөн Данияр Нарымбаевдин, "Ата Журт"» фракциясы Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин кайрадан чакырышып, алардын ордуна Шамарал Майчиев жана Канат Хасановдун талапкерлигин сунушташты. Эми бул талапкерлер Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйынында талкууга коюлмакчы.

Сотторду тандоо кеңешинин курамы 30-июндагы парламенттин жыйынында да талкууланып, депутаттар бир пикирге келе алышкан эмес. Буга чейин президент Роза Отунбаева Сотторду тандоо кеңешинин курамы бекитилсе, Кыргызстандагы кеминде 400дөн ашык сот кызматкерлеринин ишке ылайыктуулугу кайрадан текшерилип чыгаарын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG