Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Йылмазды үй камагына бошоткон судьялар кызматтан алынды


Мамлекет башчы Роза Отунбаеванын жардыгы менен “Бета Сторес” соода түйүнүндө кыргызстандык Чолпон Орузбаевага кол көтөрдү делген түрк жараны Гүнеш Йылмазды үй камагына чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Людмила Нарымбаева, Жыпаркүл Калыбекова жана Майа Бейшенова кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Соттор кеңешинин сунушунун жана коомчулукта резонанс жараткан окуядан кийин элден түшкөн даттануулардын негизинде кабыл алынды.

Апрель айында Бишкектеги “Бета Сторес” соода түйүнүндө иштеген Чолпон Орузбаеванын сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, Орузбаевага кол көтөрдү делген Гүнеш Йылмаз кармалып, аны камакка алуу боюнча соттук чечим чыккан.

Андан соң Йылмаздын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотунда каралып, ишти караган жогорудагы судьялар Йылмазды үй камагына чыгарган. Андан соң Йылмаздын дайыны белгисиз болуп, 6-июнда чек араны мыйзамсыз өтүп бараткан жерден Казакстан аймагында кармалган.

Ага чейин бир катар жаштар уюмдары түрк жаранынын үй камагына чыгарылышына каршы болуп, мындай чечим кабыл алган судьяларга карата чара көрүү демилгесин көтөрүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG