Бүгүн Румынияда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионат башталат. Анда Кыргызстандын төрт спортчусу: Батырбек Курмангазиев (50 кг.), Мирхат Максатов (55 кг.), Кубанычбек Алтымышбаев (60 кг.) жана 66 килограмдагы салмактык категорияда Кожобек уулу Эсен күч сынашмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)