Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Британияда 168 жылдан бери чыгып келаткан гезит бүгүн жабылды


168 жылдык тарыхы бар “The News of the World” басылмасы бүгүн акыркы санын чыгарды. Гезиттин бүгүнкү саны “Рахмат, жакшы калыңыздар!” деген аталыш менен басылды. Жакында анын журналисттери телефон сүйлөшүүлөрүн жана СМС-билдирүүлөрдү окууга мыйзамсыз түрдө укук алышканы ачыкка чыгып калганда, чоң жаңжал чыккан эле.

Британияда жакшы сатылат деп эсептелген апталык басылма өзүнүн окурмандарынан кечирим сурап: “Биз жөн гана өзүбүздүн багытыбызды жоготуп койдук” деп жазат. Жаңжалдан кийин анын ээлери гезитти жабууну чечишкен. Бүгүнкү саны 5 млн.нуска менен басылды жана түшкөн акча кайрымдуулукка жумшала турган болду.

Британ өкмөтү гезиттин ишиндеги мыйзамсыз аракеттер тез аранын ичинде иликтенээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG