Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Пакистандагы жардыруу кеминде беш кишинин өмүрүн алды


Пакистандын Сват өрөөнүндө саясий партиянын жыйналышы учурунда жанкечти жардырган бомбадан кеминде беш киши набыт болду, 20дан ашуун адам жараат алды. Жардыруу жыйынга Пакистан мусулман лигасы партиясынын мүчөсү Амир Мукам келер алдында болду. Бир да уюм жарыдуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө албады. Сват өрөөнүндө пакистандык талиптер бийлик адамдарына жана коопсуздук күчтөрүнө маал-маал кол салып турат.

XS
SM
MD
LG