Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

"Прогресс" фонду президенттикке талапкерлерге кайрылды


"Прогресс" фонду шайлоо алдында президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштаган билдирүү менен чыкты. Фонддун төрагасы Адил Турдукулов учурдагы укуктук келишпестиктерди жою үчүн Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизүүнү зарыл деп эсептейт.

Ага ылайык президент күч структураларын өкмөт башчы менен кеңешпей туруп өзү дайындап, коргоо, ички жана тышкы иштер министрлерин да эч ким менен кеңешпестен өзү көрсөтүшү абзел. Аталган фонддун сунуштарына ылайык президент бюджет бекибей калса өкмөттү, Жогорку Кеңешти да тарката алат.

Уюм президенттик жарышка чыкчу талапкерлерден үгүт маалында өздөрүнүн экономикалык программаларын гана эмес конституциялык реформа боюнча сунуштарын да коомдук талкууга коюга чакырууда. “Шайлоо талапкерлер жарышы эле эмес, Конституция боюнча идеялар атаандаштыгы болушу керек,” - деп жазат фонд жетекчиси Адил Турдукулов. (EK)

XS
SM
MD
LG