Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Кадыржан Батыровдун соту кайрадан кийинкиге жылды


Жалал-Абад шаардык сотунда бүгүн уланышы керек болгон Кадыржан Батыров баштаган алты адамдын соту 19-июлга калтырылды. Жогорку Соттун басма катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга жабырлануучу тараптын соттук териштирүүгө келбей калганы себеп болду. Бүгүнкү отурумга жалпы 60 жабырлануучунун төртөө гана келген. Натыйжада 29-апрелде башталган бул соттук жараян бешинчи жолу кийинки калтырылууда.

Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдурасулов баштаган алты адамга “массалык башаламандыктарды уюштурган”, “элди бөлүп-жарууга аракеттенген”, “улут, дин жана аймактар аралык касташууну козуткан” деген бир катар беренелер боюнча айыптар тагылууда. Айыпталып жаткандар башка өлкөдө жүргөндүктөн, аларга өкүм сырттан угузулмакчы. Буга чейин Кадыров айрым маалымат булактары аркылуу Кыргызстанда өзүнө тагылып жаткан күнөөлөрдү четке каккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG