Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүнкү күнгө карата соттук жараянга катышып жаткан 300дөн ашык жабырлануучунун 149у көрсөтмө берип бүтүштү. 18-июлда боло турган соттук жараянда да жабырлануучуларды суракка алуу уланмакчы.
Кыргызстандын тарыхындагы эң ири соттук жараян атыккан апрель соту өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Анда 2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууларга тиешеси бар жана Бакиевдин бийлиги тушунда бир катар мыйзамсыз аракеттерге аралашкан деген айып менен 28 аткаминер сот жообуна тартылууда. (KKs)