Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

"Булгария" кемесинде мерт болгондор 100дөн ашты


Волга дарыясынын төмөнкү агымы боюнча 190 чакырымга чейин чөккөндөрдү иликтөө кеңейтилди. Суучулдар дагы көбөйдү.

Ушул маалда «Булгарияда» 100дөн ашуун киши мерт болгону тастыкталды, алардын 20га чукулу балдар. Отуздай киши дайынсыз, 90 сөөк аныкталды.

Кырсыкка кабылган кемени ижарага алган "Аргоречтур" компаниясынын жетекчиси Светлана Инякина менен кемени каттоодон өткөргөн улук эксперт Яков Ивашов шейшембиде камакка алынды. Ошондой эле кырсык болгон маалда токтобой өтүп кеткен эки баржанын капитандарына каршы кылмыш иштери ачылды. Кеменин техникалык абалы кырсыкка себеп болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG