Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Ажылык сапарга даярдык көрүүчү атайын борбор ачылат


Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул борбор өзүнчө юридикалык жак катары ажылык сапарды уюштуруу багытында бардык иштерди аткарат. Учурда жаңы түзүлгөн борбор Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп жатат. Мындан тышкары бул борборду көзөмөлдөөчү Байкоочу кеңеш да түзүү пландалууда. Мурдагы жылдары ажылык сапарга даярдык көрүү үчүн Муфтияттын алдында штаб гана иштеп келген.

Сауд Арабиясы бул жылы Кыргызстанга 4500 орун бөлгөн. Муфтият ажылык сапарга чыга тургандарды Рамазан айы бүткөндөн кийин каттай баштайт. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG