Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайлар видеокөзөмөлгө алынат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облусунун прокурору Нурлан Жээналиев билдирди. Анын айтымында, убактылуу кармоочу жайларга видеокамераларды орнотуу менен камактагыларга көрсөтүлгөн кыйноолорду алдын алуу максат кылынууда. Натыйжада абактарга тийиштүү аппараттар кийинки айдан тарта орнотула баштайт. Бул демилгени эл аралык уюмдар колдоого алууда.

Маалыматка ылайык, акыркы алты ай ичинде Жалал-Абад облусунун тартип коргоо органдары тарабынан камактагыларга көрсөтүлгөн зомбулук боюнча 12 кылмыш иши козголгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG