Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Шайлоонун жүрүшүн маалымдап туруучу жумушчу топ түзүлдү


Күз айына белгиленген президенттик шайлоонун жүрүшүн шайлоочуларга маалымдап туруучу жумушчу топко БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова жетекчилик кылмай болду. Мындай чечим Боршайкомдун кечээги жыйынында кабыл алынды.

14-июлдагы жыйында БШК президенттик шайлоого үгүт жүргүзүү ишин көзөмөлдөөчү дагы бир жумушчу топту курады. Бул топту БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов жетектейт. Жумушчу топтордун курамында БШКнын аппарат кызматкерлери иштейт.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт иштери 25-сентябрдан тарта башталат. Бүгүнкү күнгө чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 5 талапкер БШКга кайрылганы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG