Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

НАТО Ооганстандын дооматын иликтейт


НАТО 14-июлдагы кан төгүү боюнча Ооганстандын дооматы иликтенерин маалымдады. Ооган өкмөтү НАТОнун аскерий операциясы учурунда Хост провинциясында алты жаран набыт болгонун билдирди. Расмий маалыматка караганда, “ал-Кайида” менен байланыштагы “Хаккани” уюмуна каршы операция кезинде алты адам, анын ичинде бир мугалим жана 11 жаштагы кыз окко учкан.

Набыт болгондордун жакындары маркумдардын жасаттарын Хост шаарынын көчөлөрүн кыдырта көтөрүп өтүшкөндөн кийин шаар калкы НАТОго нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG