Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Атамбаев президенттик шайлоого катышаар-катышпасын августта айтат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катышаар-катышпасын август айында жарыялайт. Бул маалыматты өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов «Азаттыкка» тастыктап, бул тууралуу Атамбаев Коомдук телеканалга берген маегинде билдиргенин айтты.

Каналга курган маегинде Атамбаев президенттик шайлоо элди бөлүп жарбагандай болушу керектигин, бул шайлоодон Кыргызстандагы эки ыңкылаптын жыйынтыгы көз каранды экендигин ачыктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул күндөрдөгү маалыматы боюнча, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин алты талапкер билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG