Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Мөрдок телефон чатагы боюнча британ парламентинде суроолорго жооп берет


Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Түз линк

Руперт Мөрдок, “News Corporation” компаниясынын башчысы, 19-июлда Британ парламентинин мүчөлөрүнүн алдында өзүнө таандык “News of the World” гезитинин телефондорду тымызын тыңшоо өнөкөтү менен байланыштуу чатак окуя боюнча суроолорго жооп берип, бул күн ө

Бүгүн Британиянын парламентинде "телефон тыңшоо" чатагына байланыштуу медиа-магнат Руперт Мөрдок менен анын уулу Жеймс суроолорго жооп беришет. Парламенттеги угуулар Р.Мердокко таандык басылмалар британиялыктардын жеке турмушуна кийлигишкени тууралуу чатакка байланыштуу өтүп жатат. Жакында анын айынан News of the World гезити жабылган болчу. Кечээ ал гезиттин мурдагы кызматкери, басылманын мыйзамсыз иштери тууралуу биринчи болуп айткан Шон Хоардын өлүгү табылган. Анын өлүмү азырынча иликтенип жатат. Өлкөнүн премьер-министри Девид Камерон парламенттеги угууларга катышыш үчүн Африкага сапарын кыскартты.

XS
SM
MD
LG