Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Ош шаарында 1250 жаранга турак-жай үчүн жер берилди


Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Жаңы жерге ээ болгон тургундардын конушу Курманжан Датка деп аталып, конушта агын суу чыгарылып, маршруттук каттам жүрүүдө. Мындан тышкары трансформация маселеси да чечилүүдө. Мындан ары да жерге муктаж болгон башка адамдарга мыйзам чегинде жер берүү улана бермекчи.

Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын башчысы, Ошто жер бөлүштүрүү боюнча тармактар аралык комиссиянын төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев Ош аймагында жалпысынан 63 адамдан жер алуу тууралуу арыз келип түшкөнүн “Азаттыкка” билдирген. Алардын алгачкы миң адамына жаз айларынан баштап үлүш жер бөлүнө баштаган. Ош облусунда жерге муктаждар үчүн жалпы 3 миң гектарга жакын жерде транформация иши жасалары кабарланган.

Өткөн жылдын ноябрь айында аймактын бир катар тургундары жер берүү талабы менен чыгышып, Ош шаарынын четиндеги жер аянттарын өз алдынча бөлүп алууга аракеттенишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG