Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Өкмөт мунай компанияларын бензин баасын көтөрбөөгө чакырууда


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, бүгүн биринчи-вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги алдында өкмөттө атайын жыйын өтүп, анда Кыргызстандагы күйүүчү май базарын тескөө боюнча маселе көтөрүлдү.

Ага ылайык, өкмөт мунай компанияларына атайлап күйүүчү май баасын көтөрбөө сунушун билдирүүдө. Эгер мындай сунушка көңүл бурулбай турган болсо, өкмөт күйүүчү май базарында мамлекеттик көзөмөл киргизерин эскертүүдө.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин маалыматы боюнча, кечээ Бишкектеги бир катар күйүүчү май компаниялары бензинге болгон бааны 42 сомго чейин көтөрүп жиберишкен.

Орусиянын Омск шаарындагы мунай иштетүүчү ишканасы 1-июлдан тарта Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтоткондон бери өлкөдө Аи-92, Аи-95 үлгүсүндөгү бензинге 15-20 литрдик чектөө киргизилген. Ушул тапта Орусиянын башка шаарларынан 6,5 миң тонна бензин келе жатканы кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG