Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Президенттикке дагы бир талапкер көрсөтүлдү


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн “Инсанат” коомдук корунун жетекчиси, 55 жаштагы Өмүрбек Эгембердиев президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Натыйжада Эгембердиев президенттикке өзүн өзү көрсөткөн 10-талапкер болуп калды.

Жалпысынан президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 15ке жетти. 5 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлгөн болчу.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG