Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Грекия боюнча Берлин - Париж орток пикири табылды


Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Грекияга жардам көрсөтүүнүн экинчи баскычын Берлинде талкуулашат. Бул кризистин евроаймакка таркабашына көрүлгөн чара катары каралууда. Жыйындын алдында Франция президенти Николя Саркози менен Германия канцлери Ангела Меркел чукул жолугушуп, бир пикирге келишти. Бул тууралуу Саркозинин администрациясы тараткан маалыматта айтылат. Берлин мурдараак жардам көрсөтүүчү программага жеке ишкерлер кошулсун деп сунуштап, бирок, Париж аны колдобой аткан. Грецияда дефолтту болтурбоо үчүн 110 миллиард евро керектигин талдоочулар айтып жатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG