Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

ИИМ: Көлбаев жана Анапияев менен кошо дагы бир адам кармалды


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бүгүн расмий билдирүү таркатып, Бириккен Араб Эмиратында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев менен бирге Адилет Касенов аттуу дагы бир адам кармалганын ачыктады. Маалыматка ылайык, бул адамдар БАЭ менен бирдиктүү операциянын алкагында кармалган.

Ички иштер министрлиги аталган адамдар Кыргызстанда кылмыштуу топтордун уюштуруучулары катары шектелип жатканын, натыйжада аларды камакка алуу тууралуу санкция бар экендигин Бириккен Араб Эмиратынын полиция кызматына расмий түрдө билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG