Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Кадамжайда дыйкандар суу тартыштыгына нааразы


Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтүнөн 15 чакты дыйкан райондук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аталган аймактагы “Аксакал-Ата” дыйкан чарбасынын мүчөсү Абдырашит Сатыбалдиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 20 күндөн бери сугат сууга болгон кезектин убактысы созулуп, эгиндер кургап, түшүмдүүлүк азайууда. Дыйкандар бир аптада сугарылчу жерлерге 15 күндө араң кезек келип жатканын белгилешүүдө. Учурда нааразы болгондорду район акими кабыл алып, маселени чечүү жолдору сүйлөшүлүп жатат. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG